Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:45

Бишкекте өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды


Студент кыздын апасы Дилафруз Каримова күндүр-түндүр оорукана алдында жүрөт.
Студент кыздын апасы Дилафруз Каримова күндүр-түндүр оорукана алдында жүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен 26 жаштагы айдоочу камалганын билдирди. Бул окуя 2-апрелде болгон. Бишкектеги Эл аралык медицина университетинин акыркы курсунда окуп жаткан өзбекстандык 25 жаштагы Азиза Гулмуродова көчөдөн өтүп баратканда машина уруп кеткен. Ал ошондон бери ооруканада эсине келбей жатат.

Кыздын апасы Дилафруз Каримова “Азаттыкка” Бишкекте жакындары, таанышы жок болгондуктан күндүз кечке оорукананын астында жүргөнүн, кечкисин ар кайсы жерде түнөп жатканын, каражаттан кыйналганын айтып берген. Кызын алып кетүүгө жардам сурап элчиликке, Өзбекстандын президенти Шавкам Мирзиёевге кайрылган.

Жол кырсыгына кабылган кыз тууралуу алгач укук коргоочу Азиза Абдирасулова элге айтып чыкты. Анда ал кыргыз бийлигине кайрылып, кызды машинасы менен коюп кеткен жигит камалбаганын жана ал Дилафрузду коркутуп жатканын жазган.

Кылмышка шектүү Айдар аттуу адам кыздын апасына чалып, коркутканын четке каккан.

Бул фактыга байланыштуу Бишкек милициясы кылмыш иши козголуп тергелип жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG