Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Сумы: жүргүнчү ташыган автобуска урган Орусиянын соккусунан тогуз киши мерт болду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Украинанын Сумы облусунда жүргүнчү ташыган кичи автобуска жасаган Орусиянын чабуулунан тогуз киши мерт болду, дагы жети адам жаракат алды, алардын үчөөнүн абалы оор. Бул тууралуу 17-майда облустук администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

“Тилекке каршы, автобуска жасалган уятсыз орусиялык чабуулдан жайкын тургундар мерт болду”,-деди Григоров.

Чабуул болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатат.

Орусия буга байланыштуу комментарий бере элек.

Мунун алдында чабуул Орусиянын чек арасынан 10 чакырым алыстыкта турган Белополье шаарында болгону тууралуу маалыматтар айтылган.

Орус армиясы Сумыдагы чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды 10-майда дагы ошол маалда жарыяланган үч күндүк тыныгууга карабай бутага алган жана жалпысынан 271 жолу сокку урганы, натыйжада бир киши каза болуп, дагы үчөө жараат алганы маалымдалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG