Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Куреновдун соту: Аксаган активисттин видеосу, УКМКнын билдирүүсү


Социалдык түйүндөргө тараган видеодон алынган сүрөт.
Социалдык түйүндөргө тараган видеодон алынган сүрөт.

УКМК активист Тилекмат Куреновдун сотко беткап тагынып, таяк таянып, аксап келгенин анын өнөкөт омуртка оорусу (грыжа) менен байланыштырып, "тергөө абагында уруп-согушкан" деген сөздөрдү жокко чыгарды. Социалдык тармактарда активист беткап кийип, таяк таянып, сылтып басып келаткан видео тараган.

14-майда Тилекмат Куреновду Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишкен. Социалдык сайттарга тараган видеодо сотко барган жакындары Куренов кыйноого кабылган болушу ыктымал экенин айтып, кимдир бирөөлөрдү каргап-шилеп жатканын угууга болот.

УКМК абактагы Тилекмат Куреновдун абалы боюнча түшүндүрмө берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Бул видео соцтармактарга тарап кеткенден кийин жарандык активисттин саламаттыгы тууралуу кооптонуу айтыла баштаган. Атайын кызмат буга байланыштуу билдирүү таратып, дооматтардын баарын четке какты. Активисттин аксап калганын анын өнөкөт оорусу менен түшүндүрдү.

"Социалдык тармактарда камактагы Т.Кудайберген уулу (Т.Куренов) Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна медициналык беткап кийип, таяктын жардамы менен басып келгендиги көрсөтүлгөн видео жарыяланып, ал видеодогу көрүнүштү кээ бир интернет колдонуучулар "ага карата кыйноо колдонулган" деп ар кандай жалган маалыматтарды таратууда. КР УКМК Т.Кудайберген уулунун СИЗОдо омуртка аралык өнөкөт грыжа оорусу күчөп кеткендигин, ошондуктан учурда ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилейт. Бардык тергөө аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, процессуалдык нормаларды жана айыпталуучунун укуктарын сактоо менен так жүргүзүлүүдө", - беп билдирди УКМК.

Тергөө абагында жаткан Куреновго учурда медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын анын жактоочусу дагы бышыктады. Активисттин саламаттыгы тууралуу журналисттерге комментарий берген адвокат Айбек Турдуев төмөнкүлөрдү билдирди:

"Белинде грыжасы бар экен, ошол оорусу козголуптур. Уруп-согуу болгон жок. Аны мен расмий түрдө айта алам. Эч кандай кысым, психологиялык басым да болгон жок. Туугандары Тилекматтын ооруганын билген эмес. Ошол жактан алар көрүп калып, коркуп кеткендир туура эмес ойлоп. Бирок биз соттон сурандык, кийин ата-энеси сот процессине кирип, өздөрү көрүп, сүйлөштү".

Адвокат тергөө кандай берене менен жүрүп жатканы так белгисиз экенин айтып, Куреновго жаңы айып тагылышы мүмкүн экенин да кошумчалады.

"Тилекмат Кудайберген уулу айыпты моюнга алган жок. Биз азыр көрсөтмө да берген жокпуз. Айып боюнча биз өзүбүздүн позициябызды аныктай элекпиз. Мен азыр ал тууралуу так эч нерсе айта албайм. Анткени жаңы айып тагылышы мүмкүн".

Куренов Дубайдан Кыргызстанга кантип жеткирилди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00


Куреновдун жакындары, жубайы, эжеси менен байланышканыбызда "адвокат айтып берет" деген жүйө менен комментарий беришкен жок.

Активист менен Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү жолуга турганы белгилүү болду. Мекеменин кызматкерлеринин бири жакында абактагы активисттен кабар алабыз деп турушканын айтты:

"Мен азыр так датасын айта албайм. Эмираттан алып келгендин эртеси күнү УКМКнын изоляторунан жолукканбыз. Ал киши биздин жардамыбыздан баш тарткан. "Эч кандай кыйноого кабылган жокмун" деп жазып берген. Бүгүн биз башка жумуштар менен мекемеге барабыз. Ал кишинин жагдайын да билебиз".

19-апрелде атайын кызмат Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Бишкекке жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист "конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган" деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө жүргөнүн билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.

Анын алдында соцтармактарда жакындары активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жазып чыгышкан.

Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй милициясы Куренов менен байланышы бар делген, "массалык башаламандык уюштурууга шек саналган" эки адам кармалганын билдирген.

Ушул эле күнү укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялагандан кийин кармалган.

Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти кескин сындап жүрчү. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, ал үчүн Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ошондон бери активист убактылуу башкалкала менен Дубайда жүргөнүн өзү кабарлаган.

Укук коргоочу Карасартова кайрадан камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00

Куреновду Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы бир жарым жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG