Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:46

АКШ - Сирия алакасы: Трамп менен Ахмед аш-Шараа жолукту


АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа. Эр-Рияд, 2025-жылдын 14-майы
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа. Эр-Рияд, 2025-жылдын 14-майы

АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа менен жолукту. Анын алдыңкы күнү америкалык лидер Сирияга салынган санкциялар алынарын жарыялаган.

Катардагы сириялыктар санкцияларды алуу жөнүндөгү кабарга кубанып турса, Израил аш-Шарааны "жихадчы" деп сыпаттап, Батыштын аны менен мамиле түзүүсүнө каршы.

Шаршембиде Кошмо Штаттар менен Перси булуңундагы араб мамлекеттеринин саммити алдында Трамп Сириянын өткөөл президенти Ахмед аш-Шараа менен кездешти. АКШнын мамлекет башчысы сириялык лидер менен буга чейин акыркы жолу 25 жыл мурун жолуккан.

Вашингтон - Дамаск: Алака жанданып, санкциялар алынат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

13-майда Трамп Эр-Рияддагы инвестициялык форумда сүйлөгөндө Сирияга салынган санкцияларды алуу буйругун бергенин айткан. Мындай чаралар маанилүү функцияны аткарганын, эми өлкөнүн алдыга жылуусуна убакыт келгенин белгиледи.

"Сириянын жаңы өкмөтү өлкөнү турукташтырып, бейпилдикти ийгиликтүү камсыздайт деген үмүттөбүз. Сириядагы абалдын ушундай болушун каалайбыз. Көптөгөн жыл бою алар согушту, кан төгүүнү баштан кечирди. Ошондуктан менин администрациям ондон ашуун жылдан кийин Кошмо Штаттар менен Сирия ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү багытында кадам таштады", -деди АКШ президенти.

Трамп адегенде бул маселени Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана түрк президенти Режеп Таип Эрдоган менен талкуулап, анан чечим кабыл алганын тактады. АКШ президентинин билдирүүсүн чогулгандар кол чабуулар менен кубаттады.

Трамп АКШ - Сауд Арабия инвестициялык форумунда. Эр-Рияд, 2025-жылдын 13-майы
Трамп АКШ - Сауд Арабия инвестициялык форумунда. Эр-Рияд, 2025-жылдын 13-майы

Жазалоочу чаралар качан алынары айтылган жок. Трамп ушул аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Сириянын башкы дипломаты Асаад аш-Шабани менен кездешерин кошумчалады.

Сирияны 25 жылдай башкарып, былтыр декбарда бийликтен кулатылган Башар Асаддын диктатордук режими тушунда Вашингтон Дамаскиге каршы катаал санкцияларды киргизген. Жыйынтыгында өлкө глобалдык финансылык системадан кесилип калган, чет өлкөлөрдөн инвестиция салынбай, соода үзгүлтүккө учураган. Бул өз кезегинде 13 жылга созулган жарандык согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине тоскоолдук жаратып келди.

Сириялыктар Трамптын санкцияларды алуу чечимин кубатташты. Дамаск, 2025-жылдын 13-майы
Сириялыктар Трамптын санкцияларды алуу чечимин кубатташты. Дамаск, 2025-жылдын 13-майы

Дамаскинин тургундары Трамптын жарыясынан кийин көчөгө агылып майрамдашты.

"Чынын айтсам, бул абдан кубанычтуу окуя. Биз бактылуубуз. Мен Сириянын сыртында жашайм, ошон үчүн ал чечимге өзгөчө кубанып турам. Өзүңөр көрүп тургандай айланадагылардын бардыгы сүйүнүп жатат. Кудайга шүгүр. Өлкөбүздө оң жылыштар болот деп үмүттөнөлү", -деди өзүн Хиба Туббажи деп тааныштырган сириялык тургун.

Сириялыктардын айрымдары Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед ин Салманга ыраазычылыгын айтып, падышалык аларды ыңкылап башталгандан бери колдоп келгенин белгилешти.

Буга чейин Сирияга салынган санкцияларды алууга улам үндөп келген Улуттар Уюму Вашингтондун кадамын кубаттады:

“Сирияга каршы санкцияларды жумшартуу, өлкөнү кайра курууга, Сирия элине он жылдан көп уланган жаңжалдан өзүнө келүүгө, инвестицияларды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү биз үчүн маанилүү болчу”, - деп айтты БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик.

Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа ушул жылдын башында убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бийликке келгенден бери эл аралык санкцияларды алууга чакырып келатат.

Мурда "Нусра фронту" деп аталып келген "Хайат Тахрир аш-Шам" АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук уюм деп таанылган. 2016-жылга чейин топ "Ал-Кайида" террордук уюмунун Сириядагы канаты болчу. Кийин алардан кол үзгөн.

Аш-Шараа бийликке келгенден бери Вашинтондун буга чейинки администрациясы аны издөөдөгү адамдардын тизмесинен чыгарган.

Ал эми Израил аш-Шарааны "жихадчы" деп сыпаттап, Батыштын Сириянын жаңы жетекчиси менен мамиле түзүүсүнө каршы болуп келатат.

Асад былтыр 8-декабрда козголоңчу күчтөрдүн чабуулунан улам бийлигин таштап, Москвага качкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG