Мындан 20 жыл мурун, 2005-жылдын 13-майында Өзбекстанда бийлик Анжиян шаарында элдин нааразылык акциясын күч менен баскан. Полиция жана күч кызматкерлери шаардык аянтка чогулган элге каршы ок чыгарган. Расмий маалыматта каза болгондордун саны 187 адам деп көрсөтүлгөн. Бирок бейрасмий булактар өлгөндөр андан көп экенин айтып келишет. Акцияга чыккандардын көбүндө колунда курал болгон эмес, алардын арасында аялдар, балдар жана кары адамдар бар эле. Эл аралык укук коргоо уюмдары бул окуяны "Өзбекстан режиминин ырайымсыз жүзүн ашкерелеген кандуу кыргын" деп аташкан. AFP, EPA, RFE/RL сүрөттөрүнөн турган галереяны назарыңыздарга сунуш кылабыз.
Анжиян кыргынына 20 жыл

Маркумдардын жаназасы. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кыргында каза тапкан кээ бир адамдардын сөөгүн бийлик өкүлдөрү алып кеткен.

Анжияндын тургундары кыргында каза болгондордун сөөгүн жыйнап жүрүшөт.

Өкмөттүк күч кызматкерлери нааразылыкты күч менен баскандан кийин Анжиян көчөлөрүндө күзөттө турушат.

Аскерлер акцияга чыккандарга каршы ок атканда күйүп кеткен автомашиналар.

Анжиян кыргынынан кийин жүздөгөн адам Кыргызстан менен чек араны көздөй бет алган. Чек арага жакын Бараш айылындагы лагердеги өзбекстандык качкын.

Анжияндык аял Чехиядагы качкындар жатаканасында.

"Терроризм" деген айып менен соттолгон 15 анжияндык жарандын иши Өзбекстандын Жогорку сотунда каралууда. 2005-жылдын сентябрь айы.

Анжияндын көчөсүндө илинип турган Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримовдун сүрөтү. Каримов Анжиян окуясы боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө уруксат берген эмес.

Өзбекстандын Бельгиядагы элчилигинин алдында Ислам Каримовго каршы уюштурулган акция. 2006-жылдын май айы.