Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:12

"Дүйнөдөгү эң кедей президент" деген атка конгон Уругвайдын мурдагы лидери Хосе Мухика көз жумду


Хосе Мухика. 2015-жыл
Хосе Мухика. 2015-жыл

Экс-президент Хосе Мухиканын 89 жаш курагында көз жумганын Уругвайдын мамлекет башчысы Яманду Орси билдирди.

Жупуну жашоону тандаганы, кызматтык артыкчылыктардан баш тартканы, дээрлик 40 жылдан берки эски машинасын айдап жүргөнү үчүн маркум «дүйнөдөгү эң кедей президент» деген атка конгон.

Жаш кезинде, 1960-70-жылдары, Кубадагы революцияга шыктанган ашынган солчулдардын катарында Уругвайдын бийлигине каршы согушуп жүрдү, бир нече жолу жараат алган.

Мухика 14 жыл абакта отурганда кыйноолорго туш болгон. Эки ирет темир тор артынан качууга аракеттенген.

1985-жылы өлкөсүндө демократия орногондо эркиндикке чыкканда саясат менен алектенип, 2009-жылы президент болуп шайланган.

Кызматынан кеткен соң Мухика гүл өстүрүп, өзүн кайрымдуулукка жана саясий активдүүлүккө арнаган.

Туура бир жыл мурун экс-президентке рак диагнозу коюлган. Оорусу күчөп кеткенде быйыл жыл башында маркум дарылануудан баш тартып, мекендештери менен коштошкон.


Шерине

XS
SM
MD
LG