Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Ирандын өзөктүк консорциум түзүү сунушу, Батыштын эскертүүсү


Ирандын жана Сауд Арабиясынын башкы дипломаттары Аббас Арагчи жана Фейсал бин Фархан ал Сауд. Жидда шаары.
Ирандын жана Сауд Арабиясынын башкы дипломаттары Аббас Арагчи жана Фейсал бин Фархан ал Сауд. Жидда шаары.

Иран өкмөтү өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу айтылып келаткан тынчсызданууну азайтуу жана бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү аракетин көрүүдө. Бул максатта ал жакында эле Кошмо Штаттарга жана Перс булуңундагы коңшуларына өз сунуштарын айтты.

11-майда Оман өлкөсүндө өткөн кезектеги сүйлөшүүлөрдө расмий Тегеран планын сунуштады. АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн бул төртүнчү айлампасында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи пландын негизги максаты аймакта өзөктүк консорциум түзүү экенин билдирди. Мындай аймактык консорциумга, Ирандын белгилешинче, Иран, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтери кирсе болот, ага Кошмо Штаттар да мүчө боло алат.

Консорциум кандайча түзүлөт, анын иши кандай болот, кенен маалымат азырынча америкалыктардан да, Иран тараптан да айтыла элек.

Сунуш тууралуу эмне белгилүү?

Консорциум түзүү сунушу жөнүндөгү маалыматты биринчи болуп ирандык "Хорасан" гезити жарыялаган. Басылмага чыккан макалада консорциум сунушунун максаты Батыштагы да, аймактагы да "оюнчуларды" Иран өзөктүк тармакта ачык-айкындуулукка жана коопсуздукка умтуларына, ошол эле учурда өзүнүн өзөктүк жетишкендиктерине эл аралык кызматташтык аркылуу көзөмөлүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу ниетине ынандыруу экени белгиленген.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Ирандын расмий бийлик өкүлдөрүнө таянып кабарлагандай, Тегерандын жаңы демилгеси менен жакындан тааныш адамдар айтып бергендей, консорциум түзүлсө иран бийлигине уранды төмөнкү деңгээлде болсо да байыта берүүгө жол ачылат. Мисалы, Иран уранды жарандык энергетикалык максатта гана, өзөктүк курал жасоого зарыл деңгээлден кыйла төмөн кылып иштете бере алат.

Байытылган уран андан ары консорциумга кирген араб өлкөлөрүнө да тынчтык максатында колдонуу үчүн бөлүштүрүлүп берилиши каралат. Негизгиси, мунаса табылып, ортодо келишим түзүлүп калса өндүрүш жүргөн жерде ачыктыкты жана эрежелердин сакталышын камсыз кылуу үчүн өнөктөш өлкөлөрдүн, балким, Кошмо Штаттардын да өкүлдөрү сөзсүз процесске көз салып турушу зарыл болот.

Ирандын сунушун талдоочулар Вашингтон коюп келе жаткан Тегерандын уранды байытуу боюнча бардык аракеттеринен баш тартуусу жана негизги өзөктүк объектилерин жабуусу тууралуу талаптарынан кыйла алыстоо катары баалап жатышат.

Америкалык тарап Ирандын сунушу боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бул багытта сүйлөшүүлөргө канчалык ачык экени да белгисиз, анткени эгер мунаса табылса Ирандын аймагында уранды байыта берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Франциялык окумуштуу, өзөктүк маселе боюнча эксперт Мехран Мостафави консорциумга биригүү демилгесинде мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок аны ишке ашыруу оор болорун айтууда.

"Азаттык" радиосунун иран кызматына ("Фарда" радиосу) курган маегинде ал эгер консорциумга аймактагы ири державалар кошула турган болсо Жакынкы Чыгышта өзөктүк куралдын жайылуу коркунучу кыйла азайышы ыктымал экенин белгиледи:

Мехран Мостафави
Мехран Мостафави

"Бирок бул жердеги башкы маселе - Иран ислам жумуриятына ишеним артуу канчалык туура? Ишеним болушу үчүн режим элдин эркине, добушуна таянышы керек, бирок Иранда андай жок да", — деди Мостафави.

Ал консорциум түзсө болбойт деп айтуу да мүмкүн эмес экенин кошумчалап, демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылган жагдай деп Ирандын саясий системасына карата болгон ишенимдин жоктугун атады.

Жооптуу учурдагы эски идея

Консорциумга биригүү идеясы жаңы деле эмес, анткени Иран бул сыяктуу эл аралык кызматташтык тууралуу сунушун буга чейин да айткан. 2008-жылы Тегеран өзүнүн өзөктүк программасынын тегерегинде жаралган ошол кездеги чыңалууну басаңдатуу жана туңгуюктан чыгуу максатында эл аралык консорциум түзүүнү сунуш кылган. Бирок бул демилге Батыш өлкөлөрү арасында анчейин кызыгуу жараткан эмес, себеби алар Ирандын аймагында кайсы гана зат болбосун, байытууга каршы.

Европа мамлекеттери эгер быйылкы жылдын июнь айынын соңуна чейин мунаса табылбаса 2015-жылдагы өзөктүк келишимге ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Иранга каршы санкцияларына кайрадан кайтуу керек болорун айтып коркутуп жатышкан чакта Тегерандын Вашингтон менен бир пикирге келүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоосуна убакыт аз калууда. Бул мөөнөт өтүп кетсе маселе кайрадан ачык бойдон кала бериши ыктымал.

Мына ушул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп да узап бараткан аптада Сауд Арабиясында өткөн расмий сапары учурунда кайталап айтты. Ал мунаса дипломатиялык жол менен табылышы керектигин белгиледи. Бирок, америкалык лидердин белгилешинче, Ирандын тил табышууга убактысы азайып баратат жана эгер чечим кабыл алынбай калса экономикалык басым ого бетер күчөшү ыктымал.

Иран cоңку эки жылдан бери кошуналары Сауд Арабиясы менен да, Бириккен Араб Эмирликтери менен да мамилесин бекемдөө аракетин көрүп келе жатат. Вашингтондун колдоосу менен өз алдынча жарандык максаттагы өзөктүк программасын ишке ашырууга ниеттенип жаткан Эр-Рияд АКШ менен Ирандын соңку сүйлөшүүлөрүн кубаттады.

Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи АКШ президенти Дональд Трамптын аймакка сапары алдында Эр-Риядга да, Абу-Дабиге да барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда Тегерандын консорциум тууралуу сунушуна араб мамлекеттеринин көңүлүн бурдуруу аракети көрүлгөн болушу мүмкүн экени боолголонууда.

Айрым серепчилер Ирандын сунушун аймактык коопсуздукка зарыл болгон кененирээк сүйлөшүүлөргө жол ачып бере турган ишенимди бекемдөөчү потенциалдуу чара катары карап жатышат. Бирок Вашингтондун да пикири ошондойбу, азырынча белгисиз.

Ирандын жана европалык державалардын аракети

Ал тапта Иран жана европалык державалардын өкүлдөрү АКШнын эгер ирандыктар америкалык сунуш боюнча чечимин тез арада кабыл албаса "жакшы эмес кесепет" болору тууралуу эскертүүсүнөн кийин өзүнчө жыйынга чогулушту.

Анын алдында Улуу Британия, Франция жана Германия эгер Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча АКШ менен тил табыша албаса кайрадан санкция жарыялай турганын билдиришкен.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи эгер ошондой кадам жасала турган болсо аягы жаман болорун, "ядролук жайылуунун глобалдык кризисин" козутушу мүмкүн экенин жана бул көйгөй биринчи кезекте европалыктардын өзүнө сокку болорун айткан.

Казем Гариб Абади
Казем Гариб Абади

Аракчинин орун басары Казем Гариб Абади европалык жана ирандык дипломаттар ядролук сүйлөшүүлөр боюнча соңку кырдаалды талкуулашканын X социалдык түйүнүнө жазды, бирок андан башка кененирээк маалымат берген жок. Ал Иран да, европалык державалар да дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү болушунча кенен колдонуу керек деген пикирди толук жана чечкиндүү кубаттап жатышканын, мындай жолугушууларды зарылчылыкка жараша дагы өткөрүп туруу сүйлөшүлгөнүн кошумчалады.

16-майда Трамп Тегеранга тез арада чечим кабыл алуу сунушу берилгенин айтты:

"Алардын сунушу бар. Маанилүүрөөгү, алар тез аракет көрүшү зарыл экенин, антпесе бир жаман нерсе болорун билишет ", - деди Трамп Бириккен Араб Эмирликтеринен кайтып жатып журналисттердин суроолоруна жооп бергенде.

Бирок Тегеран эч кандай сунуш ала электигин айтууда.

АКШ президенти эгерде эки өлкө мунаса таба албаса Ирандын өзөктүк объектилерине каршы аскердик чара көрүлөрүн айтып коркуткан. Жакынкы Чыгыштагы төрт күндүк сапары учурунда Трамп АКШ Иран менен келишимге "жакындап баратканын" айтты.

Тегерандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак.

2018-жылы АКШ өлкөнү ошол кезде да жетектеп турган Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен.

Тегеран өзөктүк программасы өлкөдө атом энергетикасын өнүктүрүү гана максатын көздөгөн илимий жана өндүрүш иш-чаралар комплексинен турарын айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG