Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Трамп Ирандын жогорку руханий лидерине кат жолдогонун айтты


АКШ президенти Дональд Трамп жана Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге кат жөнөткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал жума күнү Fox Business News каналына берген маегинде айтты.

“Мен аларга кат жазып "cүйлөшүүгө келесиңер деп үмүттөнөм, анткени, эгерде биз аскердик жол менен аракет көрүүгө аргасыз болсок, абдан жаман окуя болот" — дедим”, — деген Трамп катты 6-мартта жөнөткөнүн кошумчалады.

Ак үй Трамптын бул билдирүүсүн ырастап, ал Иран жетекчилерине өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кат жөнөткөнүн ырастады.

Толук маек жекшемби күнү обого чыгары күтүлүүдө.

“Мен келишим түзүүнү артык көрөм. Баары эле мени менен макул эмес болушу мүмкүн, бирок биз аскердик жеңишке жеткендей эле жакшы келишим түзө алабыз”, — деп кошумчалады Трамп.

85 жаштагы Хаменеинин кеңсеси бул боюнча эч кандай расмий билдирүү жасай элек.

Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери анын администрациясы Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө керек экенин тынымсыз баса белгилеп келет. Өткөн айда Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги Тегеран уранды байытууну тездеткенин маалымдаган.

Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө, 2018-жылы АКШ Иран жана дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткен. Ал ошондой эле бул макулдашуунун алкагында Тегерандан алынган санкцияларды кайра калыбына келтирген.

Хаменеи өткөн жылдын август айында Америка менен сүйлөшүүгө эшик ачык экенин билдирип, “душман менен сүйлөшүүнүн эч зыяны жок” деп айткан.

Бирок кийинчерээк ал бул позициясын өзгөртүп, Вашингтон менен Тегеран ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн келечеги тууралуу кептерди четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG