Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Президент бажы кызматынын төрасы жана дагы эки бажычыга эскертүү берди


Садыр Жапаров. Архив.
Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевге, “Ош” бажысынын башчысы Тимурлан Кожоновго жана “Нарын” бажысынын жетекчиси Нурбек Алимовго эскертүү берди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы аларга эмне себептен мындай тартиптик жаза колдонулганы тууралуу маалымат берген жок.

Алмаз Салиев Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына 19-февралда дайындалган. 51 жаштагы Салиев буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG