Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Аба ырайы: 6-мартта айрым аймактарда кар жаайт


6-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында -2…+3, күндүз 12…17

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 15…17° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG