Президент кол койгон тескемеге ылайык, Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды.
42 жаштагы Чакибаев 2013-2019-жылдары Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы, 2019-2021-жылдары Аламүдүн районунун акиминин орун басары болуп иштеген. 2021-жылы Аламүдүн бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-февралда өкмөттүк коллегияда Садыр Жапаровго ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жети райондун акимдерин жумуштан алуу сунушун берген. Жыйында айрым министрлердин, алардын орун басарларынын иши сынга алынган.
Кызматтан алынгандар арасында Ноокат районунун акими Жакыпбек Субагожоев да болгон.
Президент жети райондун акимин иштен алган. Андан тышкары Жапаров Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакуловго жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганы үчүн сөгүш жарыялаган. (MKt)
Шерине