Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

УКМК сегиз автоунаа, кымбат турак жайлар конфискация болгонун билдирди


Мамлекетке алынган автоунаалар. УКМК тараткан сүрөт.
Мамлекетке алынган автоунаалар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сот кен казууга лицензия берүүдөгү коррупциялык иштерге тиешеси бар делген эки адамдын (Э.Д.Н. жана М.В.И.) мүлкүн конфискация кылуу тууралуу чечим чыгарганын билдирди.

Талас облусунун Айтматов райондук сотунун 27-февралдагы өкүмү менен аларга таандык сегиз автоунаа - Lexus LX570, Toyota Land Cruiser, Toyota camri, Tesla Model Y, Lexus LX600, BMW X5, Lexus LX570 жана Porsche Cayenne мамлекетке алынды.

Андан тышкары Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстериндеги төрт автоунаа токтотуучу жай, борбордон төрт батир, Бишкектеги “Браво” коттеж шаарчасында (Орто-Сай айылындагы) жайгашкан эки, “Ордо” VIP шаарчасынан да эки турак жай конфискация болду.

УКМК алар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен келишип алып, Талас облусунун аймагында кен казып алуу боюнча ишканаларга лицензияны мыйзамсыз берүү схемасын уюштурганы аныкталганын кошумчалады.

Алардын кызмат орду жана аты-жөнү толук айтылган жок. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG