Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:10

Жаш пианисттердин сынагы башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 4-июнда Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында "Жаңы муун" аттуу жаш пианисттердин конкурсу башталат.

Бул конкурс жаш музыканттарды колдоп, шык берүү, музыка сүйүүчүлөрдү көбөйтүү максатында уюштурулууда.

Быйыл "Фортепиано" номинациясында 14-18 жана 19-25 жаш курактагы он өнөрпоз жарышат.

Конкурстук концерттер 9-июнга чейин уланат. Каалоочуларга кирүү акысыз. (BCh)

XS
SM
MD
LG