Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Кыргызстанда 400дөн ашуун сот адам укугун коргоо боюнча окуудан өткөн


Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова.

2019-жылдан бери Кыргызстанда 400дөн ашуун судья адам укуктарын коргоо жана бул жааттагы эл аралык стандарттар боюнча окуудан өтүшкөн.

Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Женева шаарында БУУнун расалык дискриминация боюнча 115-сессиясында доклад окуп жатып билдирди.

Бакирова 1-2-майда Эл аралык расалык дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын он биринчи жана он экинчи мезгилдүү улуттук баяндамасын коргогон.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары мындан тышкары, Кыргызстандын сот тутумунда ар түрдүү улуттун өкүлдөрү иш алып барганын жана жыныстык тең салмактуулук камсыздалганын белгилеген. Учурда 470 судьянын ичинен 38% аялдар түзөт.

"Расалык дискриминацияга каршы күрөш — бул эл аралык милдеттенме гана эмес, гармониялуу жана инклюзивдүү коомго жетүүнүн маанилүү кадамы экенин биз терең түшүнөбүз", - деген Нургүл Бакирова.

Кыргызстан дискриминациянын бардык формаларын жоюу жана адилеттүүлүктү чыңдоо максатында эл аралык өнөктөштөр, БУУ менен кызматташууну улантууга даяр экендигин, конвенцияга 1996-жылы кошулган өлкөдө расасына, этностук теги же улутуна карата ар кандай дискриминацияга тыюу салынганын белгилеген.

"2019–2024-жылдар аралыгында расалык, этностук жана диний кастыкка байланышкан кылмыш иштери боюнча статистиканы сунушталды. Мындай кылмыштар соттук териштирүүдө оордотуучу жагдай катары эсептелет жана үстөмдүк кылуу же экстремизмди үгүттөгөн учурлар боюнча жаза чаралары каралат", - деп жазылган маалыматта.

Жогорку соттун маалыматында Кыргызстанда расалык, этностук жана диний касттыкка байланыштуу канча адамдын иши сотто каралганы так көрсөтүлгөн эмес. Укук коргоочулар соңку жылдары Кылмыш кодексинин 330-беренеси же "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" айыбы өз пикирин ачык айткандарды жазалоочу куралга айланганын айтып келишет. Бул берене менен бийликти сындаган бир катар адамдарга иш козголгон.

  • Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова быйыл апрель айында 2024-жылы жарандардан сотторго байланыштуу жалпысынан 500дөн ашуун арыз-даттануу түшүп, 50 сот ар кандай тартип жазасына тартылганын билдирген. Арасында эскертүү, сөгүш алгандар, кызматтан алынгандар дагы бар.
  • Эл аралык республикалык институттун былтыркы изилдөөсүндө сурамжылоого катышкан 1500 адамдын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй коррупция экенин, сот системасы жемкорлукка батканын белгилеген.(ST)



Шерине

XS
SM
MD
LG