Украина Орусия менен түз сүйлөшүүгө даярдыгын, биринчи кадам катары атышуу токтошу керек экенин билдирди

Владимир Зеленский.

Украинанын президентии Владимир Зеленский Киев атышууну токтотууну талкуулоо үчүн Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө "даяр" экенин билдирип, орус президенти Владимир Путиндин түз сүйлөшүүгө чакыруусун согушту токтотуу үчүн "жакшы белги" деп атады. Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн адегенде ок атуу токтошу керек экенин белгиледи.

11-майда Зеленский X социалдык түйүнүнө "Орусиялыктар акыры согушту токтотуу тууралуу ойлоно баштаганы жакшы белги. Дүйнөнүн баары муну көптөн бери күтүп жаткан. Кайсы гана согуш болбосун, аны чынында эле токтотуу аракетиндеги биринчи кадам ок чыгарбоо болушу зарыл. Адамдарды өлтүрүү бир дагы күн уланбашы керек. Орусия 12-майдан тартып аткылоосун толук, узакка жана ишенимдүү түрдө токтотушун күтөбүз, Украина жолугушууга даяр" деп жазды.

11-майга караган түнү Путин Украинадагы согушта 30 күндүк тыныгуу жарыялоо тууралуу сунушка макул болбой, анын ордуна Киев менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү, мындай жолугушууну, балким, 15-майда Стамбулда өткөрсө болорун сунуш кылды.

11-майда, Путиндин комментарийинен бир нече саат өткөндөн кийин, АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө бул "Орусия менен Украина үчүн улуу күн" деп жазды. Ал "Жүз миңдеген өмүр куткарыларын ойлогула, бул аягы көрүнбөгөн канды-булоон биз ойлогондой эле соңуна чыгат деп ишенебиз. Бул жаңы жана мыкты Тынчтык болот. Мен кандай болгон күндө да эки тарап менен бирдей иштеше берем", - деди Трамп.

10-майда Германия, Франция, Польша жана Улуу Британия лидерлери украин президенти Владимир Зеленскийге колдоосун билдирип, атышууну 30 күнгө эч кандай шарт койбостон токтотуу зарылдыгын белгилешкен жана Москвага эгер орус президенти Владимир Путин мындай сунуштан баш тарта турган болсо жаңы жапырт санкциялар жарыяланарын эскертишкен. Алар Украинанын борбор калаасы Киевге барып, Зеленский менен жолугушуу өткөрүшкөн, ошондон соң АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүшкөн.

8-майда Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп атышууну 30 күнгө токтотууга кайрадан чакырып, эгер мунаса табылбай турган болсо Вашингтондун жана анын союздаштарынын жаңы санкциялары башталарын эскерткен. (RK)

Дагы караңыз

Индия жана Пакистан ортосундагы ок атышпоо келишими сакталып жатканы кабарландыБаткен: "Алга кадам" каналын курууга зарыл маселелерди тез чечүү талабы коюлдуБишкек: Таштандыны кайра иштетип, электр өндүрүүчү завод жыл соңунда ачылатЗеленский Путин менен көзмө көз жолугушууга "даяр" экенин айтты