Кыргызстанга жумуртка ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Бишкектеги "Ош базары".

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-майдан баштап Кыргызстанга тооктун жумурткасын ташып келүүгө алты айга убактылуу тыюу салды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 10-февралынан ушул күнгө чейин Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн жумуртка импорт болгон эмес. Тескерисинче, 2025-жылдын январь–март айларында Кыргызстандан бир эле коңшу Казакстанга 8 млн 812 миң жумурутка экспорттолгон. Бул 2024-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда импорттун көлөмү 10 млн 760 миңге азайып, экспорттун көлөмү 8 млн 756 миңге көбөйгөн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө ири жана чакан тоок фермаларынын ортосундагы атаандаштыктан улам тооктун жумурткасы көбөйүп кеткенин кошумчалады.

Ушундан улам мекеме дыйкан-фермерлерди жумуртка эмес, тооктун этин өндүрүүнү сунуштады. Маалымат боюнча, Кыргызстанга жылына 91 миң тоннадан ашуун тоок эти кирет. Жумурткага караганда тоок эти бир топ кирешелүү болот. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте мигранттарды мыйзамсыз иштетип жүргөндөргө 3 млн сом айып салындыRSF: Сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстан 24 баскычка артка кеттиЗапорожьеде Орусиянын соккусунан жараат алгандар 29га жетти Көз карандысыз “Марал” радиосу жабылганы кабарландыУолтц АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматынан кеттиКоррупция иши менен кармалган Бопонов акталып, кызматка дайындалдыАкыйкатчы Институтунун кызматкерлери ооруканадагы Айжигитовдон кабар алышты