Сот Султанбай Айжигитовду жана анын аялын үй камагына алды

Султанбай Айжигитов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 30-апрелдин кечинде Султанбай Айжигитов менен аялы Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды. Депутат Айжигитовду буга чейин Боршайком мандатынан ажыраткан.

Айжигитовдун адвокаты Тимур Иманкулов "Азаттыкка" кылмыш ишинин козголушун мыйзамсыз деп эсептерин билдирди.

"Анткени ал Боршайкомдун чечимине каршы сотко арыз менен кайрылган. Ага карабай Айжигитов катардагы жарандай камалды. 2005-жылы аялына 25 миң айлык төлөп берген деп ага айып тагылды. Анын күнөөсү аныкталса деле кылмыш мөөнөтү эскирди. Сот азыр үй камагына алуу тууралуу терөөчүнүн өтүнүчүн канаттандырган чечим чыгарды. Сөз мындан башка 2010-жылдагы жана 2022-жылдагы иштер боюнча да болуп жатат. Айжигитовдун саламаттыгы сот залында кескин начарлап, өңү кубарып кетти. Ал азыр ооруканага кетти", - деди Иманкулов.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети Султанбай Айжигитов менен аялы Гүлзат Жолдошовага кылмыш иши козголгонун билдирген. Мекеме тараткан маалыматка караганда, Айжигитов депутат болуп турганда жубайын парламентке "мыйзамсыз кызматка" орноштурган.

“Тергөөдө Султанбай Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Гүлзат Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Айжигитов аялы мыйзамдуу иштегенин белгилеп, "саясий куугунтуука" кабылганын айтууда. Анын айтымында жубайы депутат Динара Ашимованын жардамчысы болуп иштесе, Ашимованын баласы Айжигитовдун жардамчысы болгон.

67 жаштагы Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасагандан кийин алгач фракциядан чыгарылып, андан соң мандатынан ажыраган. Ал мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Дагы караңыз

АКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча келишимге кол коетГазада аба соккулардан 30дай кишинин өмүрү кыйылдыӨзбекстан АКШдан депортацияланган жарандарын атайын каттам менен алып келет