Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:55

"Үйүмдү сатып, акча котордум". Бишкекте дагы бир тургун шылуундарга алданды


Кыргызстанда дагы бир аял, ЖОЖдун окутуучусу өздөрүн ИИМ, УКМК жана Улуттук банктын кызматкерибиз деп тааныштырган шылуундарга алданганын айтып чыкты. Буга чейин алдамчылар ушундай эле схема менен журналистти алдап кетишкен.

Ал арада Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, 73 жаштагы жаранды 1 млн 407 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалганын кабарлады.

45 жаштагы шектүүнүн жашаган жерин тинткенде интернетке кошулган сим-бокс аппараты, бир нече телефон жана ноутбук табылган. Учурда ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлигинин маалыматында акыркы жылдары Кыргызстанда интернет шылуундугу 30% көбөйгөн.

"Батиримди саттырышты"

Киберкылмышкерлердин капканына түшкөн биздин каарман жогорку билимдүү. Ал алдамчылар тууралуу мурда укканына карабай "терроризмге байланыштуу кылмыш ишин ачабыз" деп коркуткандарга 80 миң доллар которгон.

Атын атагысы келбеген аял "Настоящее Время" телеканалына Кыргызстандын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жашоочуларына сабак болсун деп өз окуясын айтып берүүгө макул болду.

Айнагүл борбордогу ЖОЖдордун биринде окутуучу. Апрелдин башында ага белгисиз бирөө Вотсаптан жазып, өзүн Айнагүл иштеген университеттин проректору катары тааныштырган.

Жазган аял ЖОЖдун айрым кызматкерлеринин терроризмге катыштыгы барын, баарын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) текшере турганын айткан.

Айнагүл көз боёмочулардын "кылмыш иши" же "атайын кызматтардын текшерүүсү" деген схемасы Орусияда жана мурдагы советтик өлкөлөрдө колдонуларын билген эмес.

Бир канча убакыттан кийин Айнагүлгө "УКМК кызматкеримин" деген адам чалган. Ал аялдын эсебинен Орусиядагы террордук уюмдарга акча которулганын, бул аларга шерик болуу дегенди билдирерин белгилеген.

Алдамчы андан кийин риторикасын өзгөрткөн. Ал атайын кызматтар Айнагүл кутумга аңдоосуз аралашканын түшүнүп турганын айтып, ага жардам берүүнү суранган.

Айнагүлгө андан кийин "Кыргызстандын ИИМинен жана Улуттук банкынанбыз" дегендер чалган. "Улуттук банктын кызматкеримин" деген аял Айнагүлдүн эсебинен акча чыгарып алгандар, каражатты террорчуларга которгонун билдирген. Айнагүл муну укканда алдамчыларга эсебинде канча акча бар экенин айтып берген.

Алдамчы аял Айнагүлгө минтип айткан:

"Бул банкта кылмыштуу элементтер менен байланышы бар адамдар иштейт. Сиз ошол кызматкерлерди табууга жардам бериңиз. Бул үчүн биз Улуттук банктын эсебинен сизге акча которобуз, сиз аны кызматкерлердин кыймылын байкоо үчүн чечип аласыз".

Айнагүл муну уккандан кийин өз эсебиндеги акчаны Улуттук банктын каражаты деп ойлоп чечип алган. Андан кийин алдамчылар айткан эсепке жергиликтүү валюта менен 3,5 миңдей доллар которгон.

Мындан кийин алдамчылардын обуру ачылган. Алар Айнагүлдүн жашап аткан батири ишеним кат менен сатылып кеткенин, бул кылмышты өзү токтотууга тийиш экенин айтышкан. Бул үчүн батирди ээси катары өзү сатышы керектигин белгилешкен. Айнагүл батирди саткандан түшкөн 74 миң долларды дагы шылуундарга которгон.

Жабырлануучу алдамчылардын тузагына түшкөнүн алар байланышка чыкпай калганда гана түшүнгөн.

"Бир канча күн өзүмдү кармадым, бирок ишембиде буулугуп, буркан-шаркан түштүм. Уулума ушундай кырдаалга тушукканымды айтып, кечирим сурадым, ал мени сооротуп жатты", - дейт Айнагүл. Аларга арбалып жатканда өзүмдү токтоо кармап жаткам. Азыр күндөн күнгө абалым начарлап жатат. Түнкүсүн кирпик ирмебей таң атырам. Кантип ушуга жол бердим экен деп ойлоном", - деди Айнагүл.

Айнагүл шылуундарга гипноздолуп калдым деген ойдо.

Журналистти 800 миң сом насыя алдыртышкан

Так эле ушундай эле схема менен алдамчыларга буга чейин журналист Мээрим Ташыбекова да алданган.

Ал "Азаттыкка" курган маегинде өткөн жылы октябрдын башында белгисиз номерден чалган адамдар өздөрүн күч органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырганын, аларга ишенип банктардан ири суммада насыя алганын айтып берген.

"Мен алардын айтканына көнүп "Айчүрөк" дүкөнүндөгү “Мбанкка” (АКБ “Кыргызстан”-ред.) барып, 200 миң сом насыя алдым. Телефондон чалгандарга бардык кыймыл-аракетимди айтып турдум. Кечинде сабакка бармакмын, “ал жакка эмнеге барасыз, акчаны тезинен которуңуз” деп шаштырышты. Акчаны “Бакай банктан” Бекмырза Каримов деген адамдын атына которупмун кийин эстесем. Ошентип 10-октябрдан 16-октябрга чейин алар айткан банктарга барып, насыя ала бердим. "Мбанк" тиркемесинен дагы онлайн 100 миң сом насыя алдым. “Оптима банктан” 150 миң, “Компаньон банктан” 150 миң, РСК банктан 100 миң сом алдым. Банктардан акча алганда насыя тарыхы башында көрүнгөн эмес. "Мбанктыкы" эле чыгып жаткан. Азыр насыя берүү оңой болуп калган турбайбы, ошону шылуундар өз пайдасына колдонот экен да. “Демир банкка” ошолордун айтканы менен барсам, “насыяңыз 800 миңден ашып кетиптир, эч бир банк сизге насыя бербейт, биз дагы бере албайбыз” деп айтышты", - деген ал.

Мээрим Ташыбекова алдамчылардын айынан банктарга 800 миң сом карыз болуп калганын айтып, УКМК төрагасынан ишти тергөөнү тездетүүнү өтүнүп, жардам сураган.

Айнагүлгө окшоп жогорку билими, иш тажрыйбасына карабай ал дагы алдамчыларга арбалып калганын айткан эле.

"Өзүмө таң калам. Пресс-катчылардын атайын тайпасы бар. Ал жакка деле жазсам болмок экен. Тигилер УКМК, Улуттук банктын кагаздарын жөнөтүп жатышты да. Мөөрү, иш кагазын түп нускадан айырмалай албайсыз. Мага "мына насыяңызды жаптык" деп квитанцияларды жөнөтүп жатышкан. Көрсө анын баары жасалма экен. Аябай психолог болушат экен. Жаман оюмда атайын операцияга жардам берип жатам деп ойлодум да", - деген ал.

Ташыбекова жарандарга кайрылып, шылуундар көбүнчө орусча сүйлөрүн, ошол себептүү алар чалганда кыргызча жооп кайтарып, телефонду дароо өчүрүп салууга кеңеш берген.

"Азаттык" жана бир катар медиалар бул тууралуу жазып чыккандан кийин Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кеткен деген шек менен 23 жаштагы адам кармалганын билдирген.

Ушундай эле схема менен шылуундар №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген догдурду да сызга отургузуп кетишкени белгилүү болгон. Ал дагы "УКМК мыйзам бузууну тапты, сенин да катышың бар" дегендерге ишенип, аларга батирин сатып, акча которгон.

"Киберкылмыштар жылдан жылга көбөйүүдө"

Бишкектик IT-адис Мирбек Койчиев жана Артем Афонин азыр киберкылмышкерлер менен күрөшүү татаал экенин, алар адамдардын психологиялык аялуу жерлерин кылдат пайдаланарын айтышат.

Адистер кылмышкерлерге каршы туруу үчүн "кулакка кесме илген" схемалар тууралуу ЖМК, социалдык тармактар жана башка жолдор аркылуу элди кабардар кылуу керектигин айтышат. Экинчиден, чалган номерлерди текшерүү керектигин эскертишти.

Мирбек Койчиев жана Артем Афонин бул үчүн интернет-алдамчылардын маалымат базасын камтыган атайын Телеграм-бот да түзүшкөн.

Мамлекет алдамчылар менен жигердүү күрөш жүргүзүп, кылмышкерлерди табышы керек дешет адистер.

"Биз банктарга жана финансылык түзүмдөргө, мамлекетке кайсы бир транзакция тууралуу сөз болгондо бизге чалып, бул реквизиттер алдамчылык үчүн колдонулганын суроого мүмкүнчүлүк бергибиз керек. Эгер андай болсо транзакцияны бөгөттөсө болот. Бирок ал иш бардык тараптан бирдей жүрүшү керек", - дейт киберкоопсуздук боюнча стартаптын негиздөөчүсү Мирбек Койчиев.

Кыргызстанда эки жыл мурда ИИМдин базасында киберкоопсуздук боюнча бөлүмү ачылган. Бирок анын кызматкерлери уюштуруучулар чет өлкөдө болгондуктан мындай топтордун бетин ачуу өтө татаал экенин айтышат. Өткөн жылы бул схемага катышы бар беларус жаранын Бишкектен кармашкан. Кыргызстанда азырынча алдамчыларга өзүнүн телефон номерин жана курмандыктар акча которгон банктык эсебин берген дропперлер гана иштейт.

"Эки жыл мурда мындай кылмыштардын саны 30% аз болчу. Жылдан жылга бул көбөйүп баратат. Бул технологиянын өнүгүшүнө байланыштуу, - деп түшүндүрдү ИИМдин киберкылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Святослав Каравай. - Буга жараша кылмышкерлер уурдалган каражатка акыркы үлгүдөгү жабдыктарды жана программаларды сатып алууда. Ошого жараша өнүгүп, жаңы ыкмаларды табууга умтулуп жатышат. Өз кезегинде биз дагы алардан артта калбаганга аракет кылуудабыз".

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) февраль айында аталган мекеменин жетекчилеринин атын атаган алдамчылар пайда болгонун эскерткен.

"Министрликтин жетекчилеринин сүрөтүн коюп, аты-жөнүн жазып, министрликтин кызматкерлерине бейтааныш номерлер аркылуу түрдүү шылтоолор менен тапшырмаларды берип жатат. Эгер сиз ушундай учурга кабылсаңыз, сөзсүз түрдө жетекчиге түз чыгып, маалыматты тактап алыңыз".

Муну менен катар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да жарандарды телефон чалып, өзүн атайын кызматтын өкүлү катары тааныштырып, шылуундук кылгандарга ишенбөөгө чакырган эле.

“Заманбап технологиялар каалаган адамдын үнүн жасалмалоого мүмкүндүк берерин эске алып, алдамчылар ачык маалымат булактарында сүйлөгөн сөздөрүнөн үн үлгүлөрүн ала алышат. Мындан улам, УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат жана зарыл болгон учурда КР УКМКнын төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылууга чакырат: (0312) 66-04; -75, 62-65-04”, - деп маалымат тараткан атайын кызмат.

2024-жылы октябрда Ички иштер министрлиги жарандарды шылуундар телефон аркылуу тоноп, элдин 903 млн сом акчасын уурдаганга жетишкенин билдирген.

Ага чейин Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен.

"Настоящее время" телеканалынын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Макаланы кыргыз тилине Санжи Туйтунова которду.

Шерине

Тектеш

XS
SM
MD
LG