Баку Москвадан Орусиянын аймагына киргизилбей калган парламент депутаты Азер Бадамов тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министринин пресс-катчысы маалымдаганын Report басылмасы жазды.
"Биз орус тараптын бул чечимин достукка жатпаган кадам катары баалайбыз жана орус тараптан так түшүндүрмөлөрдү күтөбүз", - деди Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.
Маалыматка караганда, парламент депутаты 4-майда Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиевдин 102 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Астраханга сапар алган делегация курамында болгон. Азер Бадамовго чакыруу Астрахан облусунун вице-губернатору Денис Афанасьевден келген.
Делегация Москванын Внуково аэропортуна учуп келип, андан кийинки учакка отуруу учурунда Бадамов чек арачылар тарабынан кармалып, ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганы айтылган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул маселе иликтене турганын билдирип, себептерин түшүндүргөн жок.
2025-жылдын февраль айында Азербайжан Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуевге өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Буга Валуевдин Бакудагы "Россотрудничествонун" кеңсесин жабуу чечимин сынга алганы себеп болгон.
Ошол кезде Азер Бадамов Валуевге сын менен жооп берген эле. (AiA)
Шерине