Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Израил: Газадагы операцияга такоолдогу он миңдеген аскер чакырылды


Газа сектору. (Иллюстративдик сүрөт).
Газа сектору. (Иллюстративдик сүрөт).

Израилдин армиясы Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАСка каршы операцияларын "күчтөндүрүү жана кеңейтүү" үчүн такоолдогу он миңдеген аскерин чакырып жатканын жарыялады.

Израилдин армиясы ЦАХАЛ Газа тилкесинде барымтага алынгандарды кайтарып берүү жана согушкерлерди талкалоо үчүн “кысым күчөп жатканын” билдирди. ЦАХАЛ жаңы планга ылайык, ХАМАСтын жердин үстүндөгү жана астындагы бардык инфратүзүмдөрүн жексен кылуу үчүн жаңы аймактарга күч жумшай турганын кошумчалады.

Жекшембиде Израилдин Министрлер кабинети Газада аскер күчтөрүн кеңейтүүнү жактыруу үчүн чогулары күтүлгөн.

Израил менен ХАМАС уюмунун ортосунда түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат, алардын 24ү тирүү экени болжолдонууда.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.

ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG