Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

Кыргызстандык альпинист Асель Байбагышева Эверест чокусуна чыкты


Асель Байбагышева.
Асель Байбагышева.

Кыргызстандык альпинист Асель Байбагышева Эверест чокусун багындыра алганын 11-майда өлкөнүн альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди. Бул күндү ал жалпы кыргыз альпинизми жана спорту үчүн тарыхый күн деп атады.

Байбагышеванын сапарын уюштурууга катышкан ишкер Кадыр Сайдилкан да жаңы тарых жаралганын белгилеп, 9-майда негизги жатактан чыккан альпинист айым рекорддук убакта (54 саат ичинде) 11-майда эртең мененки саат 9:15те Кыргызстандын туусун аалам чокусу Эверестте желбиреткенин кабарлады.

"Кыргыз айымынын кыйындыгын, кайраттуулугун, чыдамкайлыгын, шамдагайлыгын ааламга жар салды! Аалам чокусунда кыргыз айымынын изи калды! 2025-жылдын сезонунда Эверест чокусуна биринчи болуп чыккан дүйнөдөгү биринчи айым болду!", - деп жазды ал Фейсбук баракчасына.

54 жаштагы Байбагышева альпинизм тармагына келгенине дээрлик он жыл болуп калганын, буга чейин Ленин жана Хан-Теңири чокуларын багындырып, Жеңиш чокусуна чыга алганын, деңиз деңгээлинен 8848 метрлик бийиктиктеги Эверестке 2024-жылдын күз айларынан тартып даярдана баштаганын 20-мартта Бишкекте өкөн пресс-конференцияда айтып берген.

Байбагышева Эверестке чыккан алгачкы кыргыз айымы жана ушуну менен аталган чокуну багындыра алган бешинчи кыргызстандык жаран болуп калды.

Непал менен Кытайдын чектеш жеринде жайгашкан Эверест чокусунун эң бийик жери - деңиз деңгээлинен 8848 метр. Чокуга 10 миңге жакын киши чыгып, дагы 300дөй киши орто жолдон каза тапкан.

Эверестти биринчи жолу багындырган Эдмунд Хиллари 2008-жылы 88 жаш курагында, Тенцинг Норгей 1986-жылы 71 жаш курагында каза тапкан. Ал эми чокуга эң биринчи жолу италиялык альпинист Райнхольд Месснер кычкылтек баллонун колдонбой жеткен.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG