Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Атадан туяк калбады. Бир бүлөдөгү эки жоокердин кейиштүү тагдыры


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ичин өрт чалып, жалынын сыртка үйлөгөндөй оор, күйүттүү үшкүрүк болот. Чоң энемдин үшкүрүгү ушундай эле...

ХХ кылымда эки дүйнөлүк согуш миллиондогон кишинин канын төктү. Бул эки согуштан кыргыздар дагы сыртта калган жок. Анын ичинде ар бир кыргыз бүлөсүнө чейин согуш каары, азабы, күйүтү жеткен. Чоң энем согуштан кайтпай калган эки бир тууганын өмүр бою күтүп жүрүп көзү өткөнүн көп эскерип калам. Ал тууралуу чакан аңгеме да жазгам.

Бала кезде энемдин көзүн жашка, көкүрөгүн дартка чайып айткан эскерүүлөрү, ошол агасы менен инисинин дайынын таап берсем деген балалык кыялым жашым кыркка чыкканча мени бушайманга салып жүрдү. Быйыл апрелдин соңунда кол-жолум бош болуп, Кудай оңунан салып чоң энемдин аманатын аткардым. Энемдин агасы менен иниси согуштан кайтпай, апасы күйүттөн баспай, оо дүйнө кетиптир. Чоң энемдин уругунда эркек аттуу калбай калганы, эки бир тууганын өмүрү өткөнчө күткөнү арман эмей эмне?! Энем көзү өткөнчө күткөн бир туугандарынын дайын-дарегин интернеттеги ачык архивдерди казып олтуруп, 80 жылдан кийин таап алдым.

Сөөгү Фрайбургда калган жоокер

Энемдин иниси Төлөнбайдын тагдыры чоң трагедия болуптур. Ал тууралуу маалыматтарды тапкандан кийин бир топко шалдырап олтуруп калдым. Ошондо чоң энемдин ичиндеги жалынын сыртка үйлөгөндөй үшкүрүгү менден чыкты. Аябай ыза да болдум, энемди эстеп, солкулдаган 19-20 жашында кордуктун баарын көргөн жоокер инисин элестетип...

Төлөнбай Үкү уулу (документтерде Тулон Укеев болуп жазылган) 1920-жылы 10-майда Алайдын Кабылан-Көл айылында туулган. Согуштун алдында эле аскер кызматына чакырылыптыр. Ушул курактагылардын өтө эле аз сандагылары аман калганы кайсыл бир даректүү тасмада айтылганы эсиме түштү. Анткени согуш башталган мезгилде бул курактагылар аскер кызматында болушкан.

Согуштун башында эле жүз миңдеген аскерлер, чоң аскер бөлүктөрү курчоодо калып, боо-боосу менен туткундалган. Бул тууралуу толгон-токой изилдөөлөр жазылды. Совет өлкөсүнүн даярдыгы кандай болгону, аскер башчылары, репрессиянын кесепети, пропаганда ураалап турган менен аскер бөлүктөрүндө сабаттуу, дараметтүү жетекчилер жетишкен эмес. Репрессиядан көбүнүн башы кеткен. 1939—1941-жылдары армиядагы офицерлердин 70 пайызын аскердик тажрыйбасы жок кадрлар ээлептир. 1937-38-жылдардагы репрессияда дасыккан, тажрыйбалуу аскер адамдарынын көбү атылган. Эми бул өзүнчө чоң сөз.

Советтик аскер туткундары. Июнь, 1942-жыл
Советтик аскер туткундары. Июнь, 1942-жыл

Төлөнбай Үкү уулу 1941-жылы эле согуштун алгачкы айларында туткунга түшкөн сыяктуу. Муну бир топ даректүү маалыматтар тастыктап турат.

1942-жылдын февралына чейин болжолу 3 млн 300 миңдей советтик аскерлер туткундалса, алардын эки миллион чамалуусу өлгөн. Төлөнбай Үкү уулу туткундалган учур ушундай экен. Жакшыраак элестетиш үчүн жазып жатканым.

Ар кандай булактар боюнча Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 5 млн ашык советтик аскер немистердин туткунуна түшкөн. 1945-жылга чейин жарымынан көбү - үч миллион чамалуусу каза тапкан. Туткундалган советтик аскерлер алган жараатынан лагерлерге алып бараткан жолдо өлүшкөн, кармалган шарттары өтө оор, адам чыдагыс болуптур. Оору-сыркоодон, ачкачылыктан кырылып, жапырт атууга кетишкен. Туткундарды жүздөгөн чакырымга жөө айдакташып, сөөктөн өткөн суук, ачкачылык менен коштолгон. Оору-сыркоодон жолдо эле кырылыптыр. Темир жол менен тээ Германиянын, Европанын башка өлкөлөрүнүн түпкүрүнө чейин ташып, вагондорго 80–100 адам чейин тыгышкан. Тарыхчылар жүздөгөн, миңдеген туткундар жолдо өлгөнүн, “кээ бир эшелондордон тирүү адам чыкпай калганын” жазышкан.

“Шталаг 372”. Псков шаарындагы лагерде каза болгон аскер туткунун жерге жашыруу. Немис кинохроникасынан алынган кадр.
“Шталаг 372”. Псков шаарындагы лагерде каза болгон аскер туткунун жерге жашыруу. Немис кинохроникасынан алынган кадр.

Ачык булактардан табылган архив документтерде Төлөнбай Үкү уулу 1942-жылы Германиянын Баден-Вюртемберг жергесиндеги Фрайбург округунда, Роттвайль шаарында жерге берилгени көрсөтүлгөн.

Көрүстөн “Руекристи” деп аталып, Кенигштрассе-59 дарегинде жайгашыптыр. Немистер педанттык менен Төлөнбай Үкү уулу өлгөн датаны, эмнеден көз жумганын жазып койгон.

“1942-жылдын 14-июлунда өпкө оорусунан өлдү” деп жазылып турат. Ошондо бир жылдык кордуктан кийин, 22 жашында көз жумган. Жакын кишиси катары апасын көрсөтүптүр, “Кабаева Толу” деп так жазылган.

Апасы эки баласынын күйүтүнөн өйдөлөнө албай согуштан кийин жарык дүйнөгө кош айтып кете берсе, баласы сарооз кезинде Алайдан Германиянын бир бурчуна көзү жалдырап, ден соолугу, тагдыры талкаланып, эрки майтарылып туткунда оорудан сулк жыгылып, 22 жашында кайтпас жайга кетиптир. Трагедия! Атың өчкүр согушту романтика кылып, эрдик, баатырдык дейсиңерби? Жок! Согуш – трагедия! Азап, арман, кордук!

Төлөнбай Үкү уулу коюлган жерге 287 советтик туткундун сөөгү жашырылган.

Жолум түшүп Германияга барып калсам, Алайынын топурагын түйүп алып, куран окуп: “Ээ кайран жигит, сени эжең – менин чоң энем өмүр бою күттү! Каза болгонуңду билген жок! Келет деп күттү сени. Сенин тагдырыңа ушуну жазыптыр, кантмек элең” деп айткым келди...

Чоң энем 1996-жылы 90 жашында дүйнөдөн өттү. Апамдын айтымында, өмүрүнүн сонуна чейин Тиленбайын, иниси Төлөнбайын оозунан түшүрбөй айтып, үмүт үзбөй күтүп жүрүп көзү өттү.

Дайынсыз кеткен жоокер

Энемдин улуу агасы Тиленбай Үкү уулу 1943-жылы сентябрда аскерге чакырылган экен. Ошондо туура 40 жашта болуптур (документинде 1903-жылы туулган деп көрсөтүлгөн). Энемдер үч эле бир тууган – агасы Тиленбай, энемдин ысымы Сулуу болчу, кичүү иниси Төлөнбай.

Тиленбай Үкү уулу (1903-1943)
Тиленбай Үкү уулу (1903-1943)

Атасы Каба уулу Үкү өз доорунун тың кишилеринен болуптур. “Ыстарчын (старшина) Үкү” дешчү экен. Биздин Кабылан-Көл айылынын этеги менен (азыркы айыл совет доорунда түптөлгөн) Улуу Жибек жолу өткөн. Айыл этегинде “Үкүнүн коргону” деп, кийинки жылдарга чейин эле коргондун орду сакталып турган. Үкү Каба уулу ошол жерде кербендер үчүн чайкана, жатакана куруп, ары бери каттаган соодагерлер өргүп өтчү экен.

Үкүнүн тун уулу Тиленбайдан төрт кыз калган. Ал дагы айыл активи болгонун энемдин эскерүүлөрүнөн улам билебиз. “Секирип атар эле” десе ыкшып күлөт элек. Көрсө, согуштун алдында айылдык кеңеште катчы болгон сыяктуу. Ошондон дагы сүрөтү калгандыр дейм өзүмчө.

Тиленбай Үкү уулу тууралуу орус архивиндеги ачык булактардан кыска маалыматтарды таптым (документтерде Укиев Тюленбай деп жазылыптыр). 1943-жылы сентябрда аскерге чакырылып, 32-аткычтар дивизиясынын 89-полкунда кызмат өтөп баштаган. Аталган аскер бөлүгү Орусиянын Воронеж облусунун Борисоглебск шаарында турганын архив документтер ырастайт. Согуш маалында Борисоглебскиде резервдеги аскер бөлүктөрү жайгашып, аскер госпиталы болуптур. Энем агасы тууралуу эскергенде, “Эч ким менен коштошпой, атына камчы салып, артына кылчайбай чаап кеткен эле” деп ыйлап калчу.

32-аткычтар дивизиясы 1942-жылдын июнь-август айларында түзүлүп, октябрдан тарта Демидов шаарынын (Орусиянын Смоленск облусуна караштуу Демидов районунун борбору) түндүк-чыгыш тарабындагы коргонуу тилкесинде жайгашкан. Демидов шаары 800 күн немис оккупациясында туруп, 1943-жылы 22-сентябрда Калинин фронтунун аскер бөлүктөрү тарабынан “Духовщина-Демидов операциясында” бошотулган экен. Аталган аскер бөлүгү 1943-жылдын январынан Великие Луки шаарынын түштүк-чыгыш райондоруна жөнөтүлгөн. Бул аймакта немис күчтөрү менен 1943-жылдын августуна чейин кармаш жүргөн. 1943-жылдын августунан аталган дивизия 39-армиянын курамына кирген. Тиленбай Үкү уулу мына ушул учурда аскер бөлүгүнө келип кошулган.

39-армия бул мезгилдерде Духовщина шаарын, андан кийин Рудня шаарын бошоткон. Андан ары көптөгөн аракеттерине карабай бир топко алдыга жылган эмес. Ушул мезгилде 1943-жылдын декабрынан тарта Тиленбай Үкү уулу дайынсыздардын тизмесине кириптир. Денеси снарядка тытылдыбы, чалгынга барып кайтпай калдыбы, сууга чөгүп, сазга батып кеттиби, архивден эч кандай маалымат таба алган жокмун. Билгенибиз, согуштун багыты өзгөрүп, советтик аскерлер чоң аймактарды бошото баштаган учурда Смоленск аймагында дайынсыз кеткен. Даярдыктан өтүп, согуш тилкесине жаңы эле келген мезгилинде дайынсыз болуптур. Артынан кара кагаз дагы келген эмес.

Айрым булактарда согуш жылдарында Советтик армиянын 4,5 млн жоокери дайынсыз кеткени көрсөтүлгөн. Ушул мезгилге чейин бир миллионго чукул кишинин тагдыры дале белгисиз бойдон экен.

Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышканын айтып жүрөбүз. Чакан өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу согушка кеткен. 90 миңден ашык кыргызстандык жоокер согушта курман болгон. Бирок канча жоокердин дайыны табылбай калганы тууралуу так маалымат жок. Туткунга түшүп калгандарын узак жылдар ардагерлердин да тизмесине киргизбей келишкен.

Чоң энем сыяктуу тукумунда эркек туяк калбаган, көзү өткөнчө арман менен жашаган муун өмүрдөн өттү. Бирок согуштун каары, арманы, күйүтү кала берди...

Шерине

XS
SM
MD
LG