Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Украина: Үч күндүк элдешүү күчүнө кирди, эки тарап бири-бирин аны бузду деп айыптады


Киевдеги чабуулдардын бири
Киевдеги чабуулдардын бири

Украинада Орусиянын президенти Владимир Путин жарыялаган үч күндүк элдешүү 8-майда эртең менен күчүнө кирди. Украинанын чоң шаарларында мурдагы күндөргө салыштырмалуу түн тынч өткөнүн, орус тараптын жапырт дрон, ракеталык чабуулдары катталбаганын Reuters жазды.

Украинанын Аба күчтөрү түндө ракеталык жана дрон чабуулдары болбогонун ырастап, бирок орус тарап өлкөнүн түндүгүндөгү Сумы облусуна башкарылуучу бомба кое бергенин билдирди.

Сумы облусунун Белополье шаарындагы сокку тууралуу "Суспільне Сумы" басылмасы да кабарлады. Чабуулда үч үй, жети чарбалык курулуш талкаланып, уранды алдынан бир аялдын сөөгү табылды.

Элдешүү күчүнө кирерден бир саат мурда Константиновкадагы турак жайга авиабомба тийгенин Донецк облустук прокуратурасы маалымдады. Ал соккуда көп батирлүү үч үй жана дүкөн жарым-жартылай талкаланып, кеминде 12 киши жараат алды.

Фронттогу салгылашуулар да токтодубу, жокпу азырынча белгисиз. Reuters өз булактарына таянуу менен шаршемби эртең менен майданда кармаштардын добушу угулбаганын кабарлады.

Орусияда айрым облустарда айгай жарыяланып, аэропорттор жабылды. Липецкиде жарылуу болду, ал жакта дрон атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Элдешүүнүн биринчи күнүндө эле эки тарап тең бири-бирин келишимди бузду деп айыптап чыгышты.

Орус бийлиги 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын Украинадагы миңдеген кишинин өмүрүн бейкүнөө кыйган апаат үч жылдан ашык убакыттан бери уланып, эл аралык коомчулуктун катуу сынына, санкциясына кабылган шартта өткөргөнү турат.(NT)

Шерине

XS
SM
MD
LG