Америкалык кардинал Роберт Фрэнсис Прево Рим папасы болуп шайланды. 8-майда конклавдын – понтификти шайлоонун экинчи күнүндө ал добуштардын көпчүлүгүн алды. Леон XIV деген ысымды тандап алган 69 жаштагы диниятчы АКШдан чыккан алгачкы папа. Ал Чикаго шаарында туулган.
Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулган динзарларга кайрылуу жасап, "Баарыңарга тынчтык болсун" деди.
Конклав 7-майда башталып, бирок алгачкы күнү талапкерлердин бири да жетиштүү добуш ала алган эмес. Фавориттер арасында италиялык, филиппиндик жана африкалык кардиналдар аталып келген.
Папаны шайлоо дүйнөдөгү эң байыркы жана купуя сакталган жараян.
Буга чейинки понтифик Франциск 21-апрелде 88 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Шерине