Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Тегеран Нетаньяхуну Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөрүн бузууну көздөп жатат деп айыптады


АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен саламдашып жатат. 7-апрель, 2025-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен саламдашып жатат. 7-апрель, 2025-жыл.

Ирандын башкы дипломаты Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну АКШнын Иранга карата саясатын тескөөгө аракет кылып жатат деп айыптады. Буга Нетаньяхунун Тегерандын өзөктүк программасын толугу менен жок кылуу боюнча жаңы чакырыгы себеп болду.

Иран менен Американын өкүлдөрү 26-апрелде Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын аякташты. Кийинкиси 3-майда, Европа өлкөлөрүнүн биринде өтүшү ыктымал.

Нетаньяху Иерусалимде сүйлөп жатып, Иран менен түзүлгөн макулдашуу өзөктүк программаны түп тамырынан жок кылууга жана Тегерандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө багытталышы керек экенин айткан.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармагы аркылуу жооп кайтарды.

"Нетаньяху азыркы тапта президент Трампка Иран менен дипломатияда эмне кылыш керектигин жана эмнеге тыюу салыныш абзел экенин ачык эле көрсөтүп жатканын көрүү таң калтырат", — деп жазды Аракчи.

Нетаньяхунун бул билдирүүсү Ирандын Шахид Ражеи портунда болгон үрөй учурган жарылуудан кийин айтылды. Ал жарылууда кеминде 46 адам каза таап, 1000ден ашуун адам жаракат алды.

Айрым байкоочулар жарылуу баллистикалык ракета отунун жасоодо колдонулуучу химиялык заттарга байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Бирок Иран бийлиги порттогу контейнер терминалында кандайдыр бир отун сакталганын кескин четке какты.


Шерине

XS
SM
MD
LG