Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын Швейцариядан кайтарылган активдеринин бир бөлүгү 600 миң эне менен балага жана жүз миңдеген мугалимдерге сарпталат.
Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Каримованын активдерин башка өлкөлөрдөн кайтарып алуу боюнча иш алып барган бул министрлик эне жана баланын ден соолугун сактоо багытына 43,5 миллион доллар бөлгөн. Перинаталдык борборлорду жабдууга 31,5 миллион доллар сарпталат. Бүгүнкү күндө медициналык мекемелерге 5840 жабдуу жеткирилген. Сатып алуу жана импорттоо процесстери Улуттар Уюмунун катышуусу менен ишке ашырылууда.
50 миң медициналык кызматкерди окутууга 5,5 миллион доллар бөлүнөт.
Мындан тышкары, Гүлнара Каримованын активдеринин 25 миллион доллары мектептерди жабдууга жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жумшалат.
Бул Өзбекстандын PISA эл аралык изилдөөсүндөгү билим берүү жетишкендиктерин 2026-жылга чейин 5% га жакшыртып, санариптик технологияларды колдонуп жаткан мугалимдердин үлүшүн 20% га жеткирүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.
Франция, АКШ, Латвия жана башка өлкөлөрдө Гүлнара Каримовага жана анын тобуна таандык активдердин жалпы суммасы 1,4 миллиард долларды же 15 триллион сумду түзөт. 2022-жылы Адилет министринин орун басары Музраф Икрамов бул акчага 1400 мектеп курууга болорун белгилеген.
Шерине