Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

"Сосновка" жана “Арал” бекеттеринен жүк ташуучу автоунаалар өткөрүлө баштады


Ош-Бишкек жолу.
Ош-Бишкек жолу.

Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-мартта саат 10:15тен тартып алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Чектөө Бишкек-Ош жолунда тайгак жана бороон болуп жатканына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында 6-мартта киргизилген.

Аталган мекеме ушул эле күнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш — Кара-Мык унаа жолунун 116-чакырымы кар күрткүдөн тазаланып, ачылганын билдирди.

Метеорология кызматы Кыргызстанда 7-10-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен.

Айдоочуларга зарылчылык болбосо бул күндөрү жолго чыкпай туруу, ал эми жолдо унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөө сунуш кылынган.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG