67 жаштагы соттолуучу Брэд Сигмон АКШда акыркы 15 жылда биринчи жолу атууга өкүм кылынган адам болуп калды. Ал 2001-жылы мурдагы сүйлөшкөн кызынын ата-энесин бейсбол таякчасы менен өлтүрүүгө айыпталып соттолгон. Reuters агенттиги өкүмдүн ушундай түрүн өзү тандап алганын жазды.
Сигмон жума күнү жергиликтүү саат боюнча 18:00дө Түштүк Каралинадагы түрмөдө атылган. Үч мүнөттөн кийин дарыгер соттолуучунун өлгөнүн тастыктаган.
Би-Би-Си департаменттин өкүлүнө таянып, өкүмгө Сигмондун үй-бүлө мүчөсүнөн үч киши жана анын руханий жол көрсөтүүчүсү күбө катары катышканын жазды. Күбөлөр соттолуучу атылар алдында столго байланганып, башына мүшөк кийгизишкенин айтышкан.
Сигмонго электр столуна отуруу же өлүмгө алып келчү ийне саюу сунушталган. Адвокаттар ал атууну тандаганын билдиришкен.
Бул өлкөдө 1972-1976-жылдары күчүндө болгон өлүм жазасына мораторий алынгандан бери төртүнчү учур. Үч учур Юта штатында катталган.
Өлүм жазасы боюнча маалымат борборунун статистикасына ылайык, 48 жылда АКШда 1613 кишиге ушундай жазага тартылган.
Шерине