Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35

Абхаз, армян номурлуу унаа ээлери нааразылык акциясына чыгышты


Акциянын катышуучулары. Бишкек. 5-март, 2025-жыл.
Акциянын катышуучулары. Бишкек. 5-март, 2025-жыл.

Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан келген унаалардын ээлери 5-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты.

Акцияга чогулгандар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сомду төмөндөтүүнү, унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана учурда жүрүп жаткан рейддерди токтотууну суранып, президентке кайрылышты.

Абхазиядан, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталары айтылган. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттиги бардык автоунаа үчүн бир баа коюларын, унааны мыйзамдаштыруу үчүн алына турган жыйымдын болжолдуу баасы 100 миң сом болорун билдирген.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. Жарлыкта белгиленгендей, Министрлер кабинети мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.

Документке ылайык, биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Экономика жана коммерция министрлиги бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн жумуш тобун түзүп, иш алып барып жатканын 23-январда маалымдаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.

Ички иштер министрлиги Мамлекеттик бажы кызматынын айып токтотуучу жайында Армения менен Абхазиядан келген 900дөй машине турганын маалымдаган.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (MKt/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG