Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Айылдарга казакча аталыш берүүнү талап кылган депутатты партиясы жетекчиликтен бошотту


Жигули Дайрабаев. Архив
Жигули Дайрабаев. Архив

Казакстанда бийликке ыктаган “Ауыл” партиясы парламенттин төмөнкү палатасынын (мажилис) депутаты Жигули Дайрабаевди партиянын төрага орун басарлыгынан алууну колдоду.

Расмий билдирүүдө мунун себеби айтылган жок. Партиянын басма сөз кызматы президиумдун бардык мүчөлөрү Дайрабаевди кызматынан бошотууга добуш бергени айтылат.

Үстүбүздөгү аптада саясатчы мажилистин жыйынында Түндүк-Казакстан облусундагы айылдарга казакча ат берүүнү талап кылган. Депутат жакында ал жерге барганда өзүн чет өлкөдө жүргөндөй сезгенин айткан.

“Идеологияга жооп берген кишилерге суроом бар: түндүк аймактардагы айыл-кыштактар менен көчөлөр мамлекеттик тилге качан которулат? Бул уят. Биз 34 жылдан бери эгемен Казакстанда жашап келатабыз”, - деп собол салган саясатчы.

Дайрабаев 2023-жылы парламент депутаты болуп шайланган. 2022-жылы «Ауыл» партиясы аны президенттикке көрсөтүп, расмий маалымат боюнча ал 3,5% жетпеген добуш алган.

Кошуна өлкөдө "идеологиялык жактан эскирген" аталыштагы калктуу пункттардын аталыштарын казакчага которуу боюнча 2022-2025-жылдарга жол картасы иштелип чыккан.

Орусия Украинага басып киргенден бери Казакстанда СССРге же Орусияга байланышкан топонимдерди казакчалоо тууралуу маалыматтарга көбүрөөк көңүл бурулуп келет. Көп учурда алар талаш-тартыш менен коштолот.

Алсак, былтыр жыл башында орусиялык теле алып баруучу, "Газпром-медиа" мамлекеттик медиа холдингдин башкы директору Тина Канделаки темир жол станцияларынын аттарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган.

Мындан кийин ага Казакстанга кирүүгө тыюу салынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG