Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

"Манас" жана "Ош" аэропортторунда коюу тумандан улам аба каттамдары кармалууда


Ош аба майданы. Архивдик сүрөт.
Ош аба майданы. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 6-декабрда "Манас" жана "Ош" аба майдандарында коюу туманга байланыштуу аба каттамдары кармалууда.

Бул тууралуу "Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиргендей, "Ош" эл аралык аэропортунда Ош-Стамбул, Ош-Екатеринбург, Ош-Домодедово, Ош-Шереметьево, Ош-Жуковский, Ош-Внуково, Ош- Эль-Кувейт багытындагы эки каттам, Ош-Жидда жана Ош-Бишкек каттамдары кармалууда.

Синоптиктер, 8-9-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, зымдарга жана бактарга суу кар жабышуусу мүмкүн экенин жана айрым жерлерде туман түшөөрүн билдирген.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG