Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Пакистанда көмүр кенин талашуудан чыккан кагылышта 16 киши каза болду


Дара Адам Хел районундагы көмүр казган жер. Иллюстрация.
Дара Адам Хел районундагы көмүр казган жер. Иллюстрация.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагындагы көмүр кенин талашуудан жаралган куралдуу кагылышта 16 киши мерт болуп, үчөө жараат алды.

Полициянын басма сөз кызматы “Азаттыктын” Пакистан кызматына билдиргендей, Дара Адам Хел районунда жергиликтүү Суннит-хел жана Заргун-хел урууларынын ортосунда атышуу болду.

Эки уруунун өкүлдөрү ондогон жылга созулган талаш-тартышты чечүү максатында чогулганда чыр тутанган.

Көмүр - бул райондогу тургундардын маанилүү киреше булагы.

XS
SM
MD
LG