Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-апрелде Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин (РНБО) чечимин күчүнө киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул документтин негизинде Орусиянын 39 жаранына санкция салынды.
Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматынын сунуштарын кубаттап, орус жарандарына экономикалык жана башка чектөө чараларын колдонуу чечимин кабыл алган.
Мындан тышкары 56 компания, анын ичинде Орусияда катталган ишканалар, Беларустун "СветлогорскХимволокно" мекемеси жана үч кытайлык компания "кара тизмеге" кирди.
Кытайлык үч компания Beijing Aviation And Aerospace Xianghui Technology (Бээжин), Rui Jin Machinery (Вэнчжоу), Zhongfu Shenying Carbon Fiber Xining (Ляньюньган) деген аталышта.
17-апрелде президент Зеленский билдиргендей, Украина кытайлык ишканалардын Орусияга аскердик товарларды, тагыраагы, ок-дары жана артиллерия жабдыктарын жеткиргени тууралуу маалымат алган.
Анын айтымында, Кытай өкүлдөрүнүн Орусияда курал-жарак өндүрүп жатышы боюнча ыктымал маалыматтар жакынкы жумада кеңири ачыкталышы мүмкүн.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Зеленскийдин сөздөрүн "негизсиз" деп мүнөздөп, сынга алды.
АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр “кульминациялык баскычка жетип калганын" билдирди. Ал ошондой эле бул узакка созулган согушту токтотууга аракетин тараптардын эч бири өз кызыкчылыгына колдонбогонун белгиледи. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги жазды.
“Белгиленген күн жок, бирок биз бул маселени ыкчам чечкибиз келет. Эгер кайсы бир тарап сүйлөшүүнү оорлотуп жиберсе, биз: “Силер акмаксыңар, бул акмакчылык”, - деп жөн гана артка кайтабыз”, - деди Трамп Ак үйдө журналисттерге.
Орусиянын президенти “Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү атайылап созуп жатабы деген суроого Трамп: “Үмүт кылам, андай эмес”, - деп жооп берди.
Ошол эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эгер жакынкы күндөрдө тынчтык келишимине жетишүү мүмкүн экени анык болбосо, Вашингтон Украина менен Орусиянын ортосундагы ортомчулук аракеттерин токтоторун билдирген.
“Эгер тынчтыкка жетишүү мүмкүн болсо – биз катышабыз, болбосо башка артыкчылыктуу иштерибиз бар”, - деген Рубио. Анын айтымында, акыркы үч жылда АКШ Украинага жардам берип келген жана бул жаңжалды бүтүрүүнү каалайт, бирок башка да маанилүү маселелер бар.
Рубионун билдирүүсү Парижден учуп кетер алдында, Украина делегациясы менен согушту токтотуунун жолдору талкууланган жолугушуудан кийин жасалды.
АКШ президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Елисей сарайындагы жолугушууларды “абдан жемиштүү болду” деп мүнөздөдү. Париждеги сүйлөшүүлөргө АКШ тараптан Рубио менен Келлогдон тышкары президенттин дагы бир атайын өкүлү Стив Уиткофф да катышты.
Украина делегациясын коргоо министри Рустем Умеров жана президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Ермак жетектеди. Сүйлөшүүлөргө Франциянын, Британиянын жана Германиянын бийликтеринин өкүлдөрү да катышты.
Рубионун билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге: "Орусия менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок алар бир топ татаал”, - деди. Ал сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктаган жок, бирок жакынкы күндөрү Трамп менен Путиндин түз жолугушуусу пландалбаганын кошумчалады.
18-апрелдин таңында орус армиясынын Харьков шаарына жасаган ракеталык соккусу калк жыш отурукташкан райондордун бирине тийди. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
“Көп кабаттуу үйгө түз сокку урулду. Үйдүн урандыларынын алдында адамдар болушу мүмкүн” — деп билдирди калаа мэри Игорь Терехов.
Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубовдун маалымдагандай,ракета Харьковдун Основянск районундагы көп батирлүү үйлөрдү бутага алган. Алдын ала маалымат боюнча, соккудан бир киши каза болуп, 70тен ашык адам жаракат алды. Жабыркагандардын арасында үч жана төрт жаштагы наристелер да бар.
Жалпысынан 20дан ашуун көп кабаттуу үч жана 30дан көп жеке менчик турак-жай жабыркаган.
Чабуулдар бул таңда Днепр шаарына дагы жасалды. Ал жакта фитнес-борбор, мейманкана жана кеңсе имараты жабыркаганын, каза болгондор жана жаракат алгандар жок экени маалым болду.
“Днепр. Абдан катуу үн чыкты. Толук маалымат кийин берилет. Аба чабуулу тууралуу эскертүү дагы эле күчүндө”, — деп жазды Днепропетров облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак.
Орусиянын Коргоо министрлиги адатта жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьекттерди бутага аларын билдирип келет.
Европанын алдыңкы мамлекеттеринин, АКШ жана Украинанын жогорку деңгээлдеги расмий өкүлдөрү 17-апрелде Парижге чогулду. Бул саммит Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга багытталган. Ага Американын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Украинанын президентинин кеңешчиси Андрей Ермак катышууда.
Ушул эле саммитке Британиянын тышкы иштер катчысы Дэвид Ламми жана Германиянын канцлери Олаф Шольцтун жогорку кеңешчиси да чакырылган.
АКШнын мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө бул сүйлөшүүлөрдүн максаты “Трамптын Орусия–Украина согушуна чекит коюп, кан төгүүнү токтотуу ниетин илгерилетүү” экени жазылган.
“Украинанын жана бүтүндөй Европанын коопсуздугу үчүн маанилүү маселелерди карап жатабыз”, - деп жазды X социалдык түйүнүнө Ермак. Ал кошумчалагандай, күн тартибинде эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр бар.
АКШ Киев менен Москваны ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрүнө түртүп жатса, Европа өлкөлөрү Украинаны колдоо жана мүмкүн болуучу аскердик миссия аркылуу ок атышпоо келишимин камсыз кылуу боюнча даярдыктарды көрүүдө.
Буга чейин, өткөн аптада Стив Уиткофф Санкт-Петербургда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Андан соң Fox News телеканалына курган маегинде Уиткофф Путин “туруктуу тынчтык” орнотууну кааларын айтып, “беш облуска байланыштуу маселени” көтөргөнүн айтып берген.
Бул Орусия жарым-жартылай басып алган жана өзүнө караштуу деп жарыялаган Украина аймактары жөнүндө сөз болууда.
Москва АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган ок атууну токтотуу келишимине кошулуудан баш тартты. Орусия Батыш өлкөлөрүнөн Украинага курал жеткирүүнү токтотууну талап кылууда. Киев бул келишимди кабыл алган.
Акыркы күндөрү орус армиясы Украинанын шаарларына ракеталык соккуларын күчөттү.