Днепр шаары дрон чабуулуна кабылды, үч адам каза тапты
Украинанын Днепр шаары бейшембиге караган түнү орусиялык дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Акыркы маалыматта үч адам каза тапты, бирөө бала.
"30 адам жабыркаган, бешөө бала", - деп билдирди Днепропетровск обладминистрациясынын башчысы Сергей Лысак. Жалпы 30 адам жаракат алды, алардын арасында беш бала бар. 16 адам ооруканага жеткирилип, бирөө оор абалда жатат.
Лысактын айтымында, Днепрде ондогон көп кабаттуу жана ошончо сандагы жеке турак жайлар бузулган. Окуу жайынын корпусу, жатакана, гимназия, тамак-аш ишканасы ж.б. зыян келтирилген. Шаарда бир канча жерде өрт чыгып, өчүрүлгөн.
17-апрелде орус армиясы Херсондун Борбордук районуна да сокку урду.
"15 жаштагы өспүрүм оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды", – деп билдирди шаардын аскердик администрациясынын башчысы Роман Мрочко.
Мындан сырткары, дагы эки эркек киши медициналык жардам сурап кайрылган.
Шаршемби кечинде Харьков облусу да соккуга кабылды. Изюм шаарына дрондор жана ракета атылганы кабарланды. Натыйжада алты адам жараат алган. Облустун ар кайсы аймактарында жалпы жонунан 17 киши жабыркаганы тууралуу маалыматты жергиликтүү бийлик ырастады.
Орус аскерлери Украинада фронттон алыс жайгашкан айыл-шаарларга дээрлик күн сайын “Шахед” тибиндеги дрондор менен чабуул коюп келишет.
Украин куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, дрондордун басымдуу бөлүгүн атып түшүрүлүүдө.
Орус армиясы адатта бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган үйлөргө, жарандык инфратүзүмдөргө сокку урганын четке кагып келет.
Орусия өткөн түнү өз аймагында 26 дронду атып түшүргөнүн билдирди.
Орус Коргоо министрлиги маалымдагандай, тогуз дрон Воронеж, сегизи Белгород, төртөө Курск, экөө Липецк жана Москва аннексиялап алган Крымда, дагы бири Москванын аймагында жок кылынган.
Одессага Орусиянын армиясы "Шахед" дрондору менен чабуул койду.
Шаршембиге караган түнкү чабуулда бир нече турак жайда өрт чыкты. Бир нече киши жабыркаганын Одесса облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Кипер билдирди.