"Маариф" мурдагы "Сапат" фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда диниятчы Фетхулла Гүлендин "кыймылына байланышы бар" делген негизде кармалганы маалым болду.
Түндүк Корея аскерлери Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастады. Президент Трамп Путинден Украинага сокку урууну токтотуп, тынчтыкка жетүүнү талап кылды. Прокуратура “Апрель” телеканалынын ишмердигин токтотууну өтүнүп, сотко кайрылды.
Расмий Пхеньян алгачкы жолу түндүк кореялык аскерлер Украинага каршы согушка аралашканын ырастады. Орус президенти Владимир Путин аларга Курск облусун бошотуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жума күнү Украинанын Павлоград шаарында орус күчтөрүнүн соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. Сегизи жаракат алды. Орусиянын бир күн мурда Киевди бутага алган чабуулунан каза тапкандардын саны 12 кишиге жетти.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
Ал арада Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек. Орус күчтөрүнүн Киевди бутага алган соңку ракеталык жана дрон чабуулунан тогуз адамдын өмүрү кыйылды.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?
АКШнын, Европа өлкөрүнүн жана Украинанын башкы дипломаттарынын бүгүн Лондондо өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүсү жылып калды. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Вашингтондун сунушу талкууланат деп күтүлүп жаткан.
Украинада кайрадан кандуу чабуул. Зеленский Крымдын оккупациясын тааныбай турганын билдиргенден соң Лондондогу башкы жыйын да өтпөй калды. Вашингтондун тынчтык планы четке кагылдыбы?
Орусиядагы кыргызстандыктар сабалган мончону иштеткен үч адамга кылмыш иши козголду. Алар мыйзамсыз миграция уюштурду деп айыпталууда.
Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Алардын арасында Ош мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү журналист бар.
Сот Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын карап, аны 19-майга чейин камакта калтырды. Соңку үч жылдан бери сыртта жүрүп, он күндөн бери дайыны билинбей жаткан активисттин экстрадицияланышы жана ага коюлган айыптар эмнеден кабар берет?
Дагы жүктөңүз