Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Жалал-Абадда аюу сойгондордун иши териштирилип жатат


Жалал-Абад облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тараткан сүрөт.
Жалал-Абад облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тараткан сүрөт.

Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунан жаңы союлган аюунун терисин баштыкка салып келе жаткан адам кармалды.

Жалал-Абад облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин маалыматына ылайык, тергөөнү облустук милиция жүргүзүп жатат.

Өткөн жылдын сентябрь айында Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьер кармалган.

Кыргызстанда аюуну атууга уруксат жок. Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 1 миллион сом айыппул салынат. (TB)

XS
SM
MD
LG