Кремл Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө барчу делегациянын курамын жарыялады. Ага ылайык, топту президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
Делегациянын курамына тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Башкы штабдын башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков, коргоо министринин орун басары Александр Фомин кирген.
Мединский 2022-жылы дагы сүйлөшүү тобун жетектеген, ал буга чейин маданият министри болуп иштеген жана азыркы бийликтин башкы идеологдорунун бири катары таанылган.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айтып келген. Көп өтпөй ал мындай позициясын жумшартканы белгилүү болгон. Азырынча украин тараптан сүйлөшүүгө кимдер катышары белгисиз.
Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
Стамбулда 15-майда "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган.