Жогорку Кеңеште "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын генералы Самат Курманкуловдун маселесин көтөрдү. Ал 14-марттагы жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, майып болуп калган Курманкулов учурда 21 миң сом гана пенсия аларын, бул анын дарысына, кем-карчына жетпесин айтып, маселесин чукул чечип берүүгө чакырды.
"Ал генерал. Ошол кишинин тагдыры талкаланып, майып болуп калды. Анын пенсиясы болгону 21 миң сом экен. Генералдын пенсиясын 21 миң сом менен гана чектеп койдук. Ал улам дарыланышы керек экен, чет өлкөлөргө чыгып дарыланышы керек экен. Реабилитация болушу керек. Каражаты жетишсиз, үй-бүлөсү менен кыйналып жашап жатат. Алмасбек Акунжанович, Самат Курманкуловдун пенсиясын өзүнчө карап бериңиздерчи. Биз Сүйүн Өмүрзаков болуп, балким, Жогорку Кеңештин токтомун чыгарсакпы деп дагы аракет кылып көрдүк. Бир адамга мыйзам чыгарсакпы деп дагы жолун карадык. Такыр мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бирок өкмөттүн токтому менен Самат Курманкуловдун, генералдын маселесин чечсек. Генералыбызды мүңкүрөтүп койгонубуз туура эмес. Ал 21 миң сом менен беш баласы менен кыйналып жашап жатат", - деди Акаев.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп турган Самат Курманкулов 42 жашында Кой-Ташта 2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынан оор жараат алып, 40 күн эс-учуна келе албай жаткан, бир канча жолу операция жасалган жана майып болуп калган.
Курманкулов ички иштер органдарында бир катар жетекчилик кызматтарда, ыкчам-кылмыш иликтөө бөлүмдөрүндө иштеген жана ага милициянын генерал-майору деген наам 2021-жылы июнда берилген.
"Азаттык" Курманкулов тууралуу былтыр милиция күнүнө карата даректүү тасма тарткан.
Шерине