Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Тажикстан: соцтармактарда лайк басканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жоюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда бийлик экстремисттик же коомдук тартипке коркунуч жаратат деп тапкан билдирүүлөргө лайк басканы же колдоп комментарий жазганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жоюлду. Президент Эмомали Рахмон мындай жобо камтылган мыйзам долбоорго 14-майда кол койду.

Расмий маалыматка ылайык, ушундай жагдайда 1,5 миңден ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын арасында оппозиция менен байланышы бар же аларды колдойт деп бийлик шек санаган жарандар көп болгон.

Өлкөнүн укук коргоо органдары буга чейин Рахмон алардын мындай иш-аракеттерин сынга алганына карабастан кылмыш иштерин козгоону улантып келген. Жарандар арасында күч кызматкерлери алардын телефондорун тартып алып, социалдык тармактардагы баракчаларын жапырт текшерип жатканына нааразылык күчөгөн.

Кыргызстанда дагы социалдык тармактарда лайк басканы же комментарий жазганы үчүн бир катар активисттер, жарандар кармалып, камалган учурлар катталып жатат.

Сөз эркиндигин, медианын ишин чектейт деген кооптонуу жараткан мыйзамдар кабыл алынып, кээ бирлери Жогорку Кеңеште талкууланып жатат.

Бийлик өкүлдөрү дооматтардын баарын четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG