Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башка күнгө жылдырылды

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 17-апрель, 2025-жыл.

12-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум судья ооруп калды деген негиз менен башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Кой-Таш иши боюнча айып тагылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров 17-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнү эки айга узарткан.

14-апрелдеги соттук отурумда прокурорлор соттон шектүүлөрдү 10 жылдан 11 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевди 11 жана Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, Мээрбек Мискенбаевге жана КСДП партиясынын мурдагы өкүлү Кундуз Жолдубаевага үч жылдан пробациялык жаза берүүнү өтүнгөн.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жаракат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. (BTo)

Дагы караңыз

Аскер прокуратурасы ӨКМдин аскер бөлүгүндөгү окуя боюнча иш козгодуӨкмөт Кыргызстанга цемент ташып келүүгө уруксат бердиПрезидент өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеевге катуу сөгүш бердиИндия жана Пакистан ортосундагы ок атышпоо келишими сакталып жатканы кабарландыУкраина Орусия менен түз сүйлөшүүгө даярдыгын, биринчи кадам катары атышуу токтошу керек экенин билдирди