6-майда Киев менен Москва "205-205" формуласы боюнча туткундарды айырбаштады. Бул тууралуу маалымат каражаттары Орусиянын Коргоо министрлигине таянып жазышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги алмашылган орус аскерлери азыр Беларус аймагында экенин билдирди. Аларга психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп, үй-бүлөлөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилди. Мекеме билдиргендей, кийинчерээк алар Орусияга жеткирилет жана дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.
Бул жараянга Бириккен Араб Эмираттары жардам берген.
Буга чейинки туткундарды алмаштыруу жараяны 19-апрелде болгон. Украинанын президенти Владимир Зеленский алмашуу алкагында 277 адам кайтып келгенин билдирген.
Зеленскийдин айтымында, согуш башталгандан бери аскер жана жайкын тургундарды кошкондо туткунга түшкөн 4552 адам кайтарылган.
Украинага мындан тышкары 909 аскердин сөөгү кайтарылганын Аскер туткундары боюнча Координациялык штаб билдирди. (AiA)