Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип 6-майда саат 14:08де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө болгонун билдирди.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4, Кара-Киндик, Нура айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Ушул тапта жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
28-мартта Талас облусунда таңкы саат 4:42 жана күндүз 16:56да жер титиреп, 48 үй жабыркаган. Жердин силкинүүсү 5,3 жана 5,5 баллга чейин жеткен.
Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, ӨКМнын борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда чукул жыйын өткөн. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине