Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Израил аэропортту аткылоого жооп катары Йемендин портуна сокку урганын билдирди


Йемен, Ходейда порту Израилдин чабуулунан кийин. 6-май, 2025-жыл
Йемен, Ходейда порту Израилдин чабуулунан кийин. 6-май, 2025-жыл

Израилдин армиясы дүйшөмбүнүн кечинде Йемендин Ходейда портуна жана Эль-Ходейда провинциясындагы кыш заводуна абадан сокку урганын билдирди.

Армия хусилердин "Ансар Аллах" куралдуу тобу көзөмөлдөгөн аймактарды бутага алганын жарыялады.

Аба чабуулуна 20дай тик учак тартылган. Израил менен бутага алынган жердин аралыгы эки миң чакырымга жакын.

ЦАХАЛ муну менен Тель-Авивдин Бен-Гурион аэропортундагы бир нече киши жараат алган ракеталык аткылоого жооп кайтарганын айтууда.

Аба чабуулунун кесепеттери тууралуу кабарланган жок. Израил тарап террорчулардын жайларын бутага алганын айтып жатат.

Хусилер соккуга америкалык авиация тартылганын билдирүүдө. «Аль-Жазира» телеканалынын Пентагондогу булагы муну четке какты.

Вашингтон комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG