Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Трамптын 100 күнү. Украинада согуш качан токтойт?


Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШнын президенти Дональд Трамп.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШнын президенти Дональд Трамп.

Украин дипломаттары АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен ийгиликтүү иштеше алабы? "Азаттыктын" украин кызматынын суроолоруна саясий ишмер жана дипломат, Украинанын мурдагы тышкы иштер министри Вадим Пристайко жооп берди.

Трамптын 100 күнү

"Азаттык" : АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү маалында согушту бир күндө токтотобуз деп убада кылган. 100 күн өттү. Бул маалда Орусия менен Украина тынчтык келишимине кол коюуга жакындап калды деген көп убада, билдирүүлөр болду. Сиздин кесиптештериңиз, башкалар деле 100 күндүн ичинде тараптар тынчтык келишимине кол коюуга бир кадам да жакындай албаганын тастыктап жатышат. Бул көз караш менен сиз макулсузбу?

Чынын айтканда, Дональд Трамп өзүнүн дүйнөсүндө жашап жатат. Мындай сөз бар эмеспи, "Сен суурду көрбөй калышың мүмкүн, бирок ал бар". Трамп да өз сөзүндө "Мен өлкөнү эле эмес, бүт дүйнөнү рахаттанып башкарып жатам" деп айтканы бар. Ал мындай маанайда бир топко чейин болот. Тилекке каршы, ал эң чоң, армиясы жана экономикасы күчтүү өлкөнүн башында турат. Биз болсо аны карап, баш ийкегенге аргасызбыз. Аны менен администарциясы да макул болууга аргасыз. Мен алардын айрымдары менен жеке таанышмын. Абдан акылдуу адамдар. Алар системадан чыга албай, Трамп менен макул болуп жатышат. Биз дагы ошол системанын туткундарыбыз. Азыр популизмдин арты менен бийликке жеткен адамдар башкарып, дүйнө башка нукка баратат.

Вадим Пристайко
Вадим Пристайко

Украина тараптан караганда Трамп бизден баш тарткандай көрүнөт. Биз бул нерсеге күбө болгон адам катары андан түшүнсө экен деп күтүп жатабыз. Биз ага курман болгондордун сүрөттөрүн көрсөтөбүз, Украинанын чабуулга туш болгонун көрсөтөбүз, бул нерселер кандайдыр бир деңгээлде ага таасир этет деп үмүттөнөбүз. Муну менен боор ооруп, биз үчүн бир нерсе кыла ала турган сезимди ойготобуз деп ойлойбуз, бирок ал эмоция менен ой жүгүртүп, бирде бир тарапка, кайра башка тарапка сүйрөп жатат.

"Азаттык" : Эгер мен сизди туура түшүнсөм, сиз Трамп Украинадан баш тартты деген бүтүмгө келип жатасызбы?

Менин түшүнгөнүмө караганда ал ага чейинки башка администрациялардай эле дүйнөдө бир же эки чоң державалар бар деп эсептейт. Шарттуу айтканда, бул - Советтер Союзу. Алар союз эбак тараганын эстен чыгарып коюшту. Экинчиси - АКШ. Ошондуктан бизди канчалык колдоого аракет кылышпасын алардын ичинде ушундай ой турат. Анткени Орусияны жеңүү мүмкүн эмес. Бирок кызыл чек бар, эскалация бар, алар сөзсүз түрдө Армагеддонго же үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет.

Ошондуктан көп курал-жарак берүүгө да болбойт. Кырдаалды көзөмөлдөп туруу жетиштүү гана болушу керек. Андан ашыкча да кереги жок. Бирок Трамп менен болгон маселеде бул андан дагы радикалдуу кадам. Украина кантип атаандаш боло алат? Трамп деле сөзүндө: "Орусия менен согушту кантип аякташты билбесең, аны баштоону кереги жок болчу", - деген.

"Азаттык" : Ошол эле кезде ал "Украинага "Javelin" куралын мен бердим" айтпадыбы.

Бирок бул нерсе ал биздин согушту баштоону каалаганын билдирген жок да, туурабы? Ал ракетаны кайдан алышты билбесеңер, баштабаш керек эле. Кантип жеңишти билбесеңер, баштабаш керек болчу деди.

Украина, 2018-жыл. (Архивдик сүрөт).
Украина, 2018-жыл. (Архивдик сүрөт).

Ал биздин чөлкөмдө "сен согуш баштабасаң деле согуш башталышы мүмкүн" деген нерсени аңдай элек. Алар 300 жылдан бери башкача жашайт. Алар океандын ары жагында. Аларда согушка аралашууда тандоо бар. Айрым учурда аралашпайт. Кайсы бир учурда өздөрү баштайт. Бирок алар биз күнүгө баштан кечирип жаткан трагедиянын масштабын сезбей жатат.

"Азаттык" : Эгер биз Трамптын 100 күн ичинде согушту токтотуу аракеттерин айта турган болсок сиздин бүтүм кандай? Трамп бул маселеде ишти жок дегенде бир аз алдыга жылдыра алдыбы же абал 100 күн мурдагыдай элеби?

Аны биз сыяктуу согуштун аяктаганы ойлондурган жок. Биздин согуш ага Байденден калган кармагычы жок чемодан сыяктуу оор жүккө айланды.

Бул ал артыкчылык берген маселе эмес. Анын башка приоритеттери (артыкчылыктары) бар. Балким эгер биз кеминде бир секундга трагедиябыздан алыстаганда аны түшүнмөкпүз. Маскты же башка адамдарды кантип түшүнүүгө болот? Алар биз ойлогондон да татаал адамдар.

Трамптын дүйнөсүндө Украинадагы согуш Европа өлкөлөрү ооздуктай албай жаткан регионалдык чакан согуш. Анын башка дагы көйгөйлөрү бар. Ал канча жолу айтты: "Өзүңөр чечип алгыла. Менде дагы башка маселелер бар. Менин соода жүгүртүүмдүн төрттөн үч бөлүгү Азия өлкөлөрүнө туура келет. Анан ал жерде дайыма көйгөйлөр бар. Ал жакта Кытай бар".

Мына аны ушул маселе ойлондурат. Украина эмес.

Вадим Пристайко. Киев, 30-апрель, 2025-жыл.
Вадим Пристайко. Киев, 30-апрель, 2025-жыл.

Трамптын согушту токтотуу планы жөнүндө

"Азаттык" : Ошентсе да, Украина тууралуу кеп кылсак. Трамп кандайдыр бир чараларды көрдү: мисалы, ал Байден киргизген Орусияга каршы санкциялардын мөөнөтүн узартты. Ал Украинага "Javelin" бергенин эске салып жатат. Ал Украина менен да, Орусия менен да сүйлөшүү үчүн кандайдыр бир кадамдарды жасап жатат. Трамптын чабарманы Стив Уиткофф Москвага төрт жолу барды. Бүгүнкү күндө Трамптын согушту токтотуу планын кандай баалайсыз?

Трамп утур-утур Владимир Путин аны, сөзүн сыйлай турганын айтып жатат. Трамп ал дүйнөдө кадыр-баркка ээ экенине, анын сөзү салмактуу деген нерсеге чын ыкласы менен ишенет. Ким Сүйрү кабинетте отурса, анын артында 330 миллион адам, эң ири экономика, эң кубаттуу армия турганын сиз экөөбүз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан биз бул адамдардын баарын сыйлайбыз, анткени алар бул мамлекетти башкарат, бул - демократиялык тандоо.

Ал Американы жана дүйнөнү башкаруу анын тагдыры деп билет. Ошондуктан ал "Владимир, токтот!" дегенде эле Владимир Путин аны угушу керек деп эсептейт. Эми анын мындай сөзү менен эле атышуу токтоп калбай турганын түшүнүүгө убакыт керек.

"Азаттык:" Ал жагымсыз болгонун айтты...

Мен анын айтканын сөзмө-сөз которойунбу. Мен анын билдирүүсүн окудум. "I'm not happy" деди. "Мага жаккан жок" же "мен бактылуу эмесмин". Демек, ал "чабуул болгонуна нааразымын" деди. Мисалы сиз украинсиз, "мен Газада ок атышуу болгонуна нааразымын" деп айтат белеңиз?

"Азаттык:" Демек, сиз анын риторикасы жумшак деп эсептейсизби?

Абдан жумшак.

"Азаттык:" Кайрадан тынчтык планына кайтып, конкреттүү жагдайларга токтолсок. Акыркы жумаларда, атүгүл акыркы эки жумада Трамптын тынчтык планынын шарттарын бир нече жолу чечмелөө болду. Мен азыр майда-чүйдөсүнө чейин айтпай эле коёюн, бирок бул басылмалардын жана маалыматтардын бардыгын жалпылай турган болсок, Трамптын планы: Украинанын НАТОго кошулуудан баш тартуусу, азыркы фронт сызыгында согушту токтотуу, Крымдын Орусиянын аймагы катары мыйзамдуу түрдө таанылышын өзүнө камтыйт. Трамптын бул планы сизге канчалык реалдуу көрүнөт? Сиз АКШ бул планды ишке ашырууга даяр экендигин көрсөткөн белгилерди көрүп жатасызбы?

Эгер Орусия бул планды жактырбаса, алар бул планды коргоого даярбы, билбейм. Бирок биз аны жактырбайбыз жана бул нормалдуу көрүнүш. Анткени биздин жерибизге кол салуу болду, аймагыбыздын бир бөлүгүн тартып алышты. Бир гана нерсени айта алам, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бул план Орусияга да туура келбейт. Анткени Орусия Федерациясы Лавров аркылуу буга чейинки талаптардын бири да күн тартибинен алынбаганын билдирген. Башкача айтканда, Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө айтылган “демилитаризация”, санкцияларды алып салуу, эл аралык соттордо жоопко тартуудан баш тартуу сыяктуу алардын “каалоолору” өзгөрүүсүз калды.

Бул АКШнын жумшак позициясынын натыйжасы. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн теориясы жана практикасы жөнүндө айта турган болсок, эки тарап тең талаптарды алдыга коюшту. Бул муктаждыктан да ашыкча талап кылуу. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул "5ти алуу үчүн 10ду сура" деп аталат. Ал эми Орусиянын суроо-талаптары өтө жогорку деңгээлде калууда. Эмнегедир америкалык тарап төмөндөтүлгөн талаптардан баштоону чечип, орусиялык "каалоолордун" бир бөлүгүн дароо тааныды.

Тилекке каршы, Украина бул сүйлөшүүлөрдө үчүнчү тарап. Эсиңерде болсо, АКШ адегенде Орусия менен сүйлөшүүнү баштады. Анан эмнегедир Орусия АКШ лидерин сыйлаганы үчүн талаптарын азайтат деп ойлоду. АКШ Орусия талаптарын белгилүү бир деңгээлге чейин азайтса, андан кийин бул пакет ишке ашыруу үчүн Украинага өткөрүлүп берет деп ойлогон. Бирок бул ар кандай себептерден улам болгон жок. Анткени украин эли, президент Зеленский да каршылыгын ачык билдирип: "Жок, андай эмес. Биз буга даяр эмеспиз", -деди.

Эми АКШ администрациясы да Орусия талаптарынан кайтпаганын угуп жатат. Алардын эки варианты бар: же колдо болгон бардык көзүрлөрдү колдонуп, сүйлөшүүлөрдү баштоо, же тилекке каршы, бул процесске кызыгуусун жоготуу.

Крым тууралуу

"Азаттык:" Крым тууралуу да токтолуп өтсөк. Эмне үчүн АКШ "Крымды Орусияныкы" деп мыйзамдуу түрдө таанууну көздөп жатат?

Анткени Орусия бул нерсеге тынымсыз кайсы жерде болбосун үгүттөп жатат. Алар дайыма: "Хрущев этностук украин, 1954-жылы ал Украинага Крымды берген. Ал ар дайым биздики болгон" деп түшүндүрүшөт.

Дагы айта кетейин: АКШнын Крымды Орусияга таандык деп таануусу анчалык деле мааниге ээ эмес. Чынында, эл аралык мамилелер үчүн бул анчалык деле маанилүү эмес. Ооба, сиз Крымда кандайдыр бир тиркемени ишке киргизгениңизде, iPhone сиздин Орусиянын аймагында экениңизди көрсөтө баштайт.

"Азаттык:" Америкалык бизнес Крымга көчөбү?

Ооба, кредиттик карталар - Visa жана MasterCard иштей баштайт.

Бул Америка Кошмо Штаттарынын көз карашы боюнча. Бирок жылдар бою жасап жаткан иштерибизге каршы туруу бизге кыйын болот. Башкалардын да эркиндикке ээ болушуна шек келтире турган прецедент түзүү коркунучу бар. Бул Крымдын айланасында калыптанган консенсусту жок кылат.

"Азаттык:" Сиз АКШ "Крымды Орусияныкы" деп таанууга даяр болушу мүмкүн деп айтып жатасыз, буга Орусия ынандыра алганы себеп. Бирок ошол эле учурда Украина Трамп менен мамиле түздү. Ал буга чейин президент болгон, ал учурда Крым декларациясына кол коюлганда, АКШ “эч качан тааныбайт жана биз Украинанын суверенитетин сыйлайбыз” деп жарыялаган. Ошол эле адамдар, ошол эле АКШнын президенти, ошол эле Орусиянын президенти, ошол эле Крым. Эмне үчүн азыр ынандыра алышты?

Анткени ал кезде Республикалык партия дагы эле Рейгандын, Маккейндин партиясына, биз көнүп калган адамдарга көбүрөөк окшош болчу. Америка Кошмо Штаттары Балтика боюндагы мамлекеттердин Советтер Союзу тарабынан оккупацияланганын тааныбагандыктан, алардын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү оңой болгондугун түшүнгөндөр турган. Чынында Эстониянын, Латвиянын, Литванын эгемендикке ээ болушунун бирден-бир себеби бул эмес. Башка себептер да болгон. Бирок бул Крым маселесинде колдонула турган абдан жакшы прецедент болуп берди.

Тилекке каршы, "Трамп 1.0" менен "Трамп 2.0" ортосунда чоң айырма бар. Ошол кездеги адамдардын көбү, ал маалда мамлекеттик катчы болуп турган Майк Помпео дагы азыр бийликте жок. Аларды администрацияга да чакырышкан жок. Бирок эсиңизде болсо, ал ЦРУнун башчысы болгон, андан кийин ал мамлекеттик катчы болгон жана биз аны Пентагондун башчысы болот деп күткөнбүз. Андай болгон жок, азыр ал жакта таптакыр башка адамдар бар.

Трамп менен кантип иштешсе болот?

"Азаттык:" Дагы бир түшүндүрмө бар. Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун өзүнөн же анын командасынын мүчөлөрү "Биз Трамп менен иштешкенбиз жана аны менен кантип иштешүүнү билебиз" деп айтышат. Ал эми азыр Трамп менен иштеп жаткандар, азыркы украин өкмөтү "аны билишпейт" дейт. Бул канчалык туура?

Менимче, бул пикирлер Петро Порошенко согушту колдоду жана аны колдоп жатат, анткени бул ага пайдалуу болду деп айткандарга окшош. Ал жерде анын кандайдыр бир заводу бар, алар чопкутталган машиналарды чыгарышат, кимдир бирөө бул согушту колдоо үчүн жетиштүү деп ойлогон. Эми алар да тегерегине карап, согуш дагы эле уланып жатканын, али бүтө электигин түшүнүшү керек. Акырында түшүнгүлө, өлкөбүздө кандай гана ички карама-каршылык болбосун, биздин душманыбыз баары бир - Москва. Башка сөз жок.

Москваны күнөөлөгөндөн көрө бири-бирин айыптоо жеңил. Айрыкча элиңе 7-10 күндө тынчтык орнотобуз деп убада бергениңде. Эске салгым келет, эки президент тең азыркы жана мурунку украин элине "согушту бүтүрөбүз" деген жомокту убада кылышкан. Алар украиндер тынчтыкты чындап каалап жатканын билет. Биз баарыбыз тынчтыкты тилейбиз. Алар маселе Украинанын ичинде эмес, Орусияда экенин түшүнүшкөн жок.

Менин оюмча, алардын баары акылдуу адамдар, алардын тегерегиндегилер да эстүү кишилер. Бирок алар кандайдыр бир сыйкыр менен бул согушту болтурбай коюуга болот деп ишенишсе керек. Мен сыяктуу бүт өмүрүн НАТОнун чатырынын астында өткөрүү керек деген "акмактар", биз эртеби-кечпи бул дагы кайталанарын билгенбиз. Тарых кайра кайталанат.

Шерине

XS
SM
MD
LG