Казакстандын Талгар шаарында киши колдуу болгон өспүрүм Шерзат Болаттын иши боюнча соттук отурумдар өтүп жатат. Маалыматка караганда, кылмышка байланыштуу тогуз киши камакта отурат жана алардын баары күнөөсүн моюнуна алган эмес.
Дүйшөмбүдөгү соттук отурум ызы-чуу менен башталды. Айыпталуучулардын жакындары сот жараяны түшүрүлгөн видео социалдык тармактарда тараганына нааразы болушту. Алар Шерзат Болаттын жакындарынын адвокаты Алмат Арысов сот отурумун видеого тартып, интернетте таратканын айтып жатышат. Арысов сот залында муну четке какты.
"Мен текшерүүгө телефонумду бере алам. Урматтуу сот, менин буга тиешем жок".
Судья Ержан Жанузаков видеонун авторун аныктоо үчүн териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.
6-майдагы соттук отурумда айыпталуучулар көрсөтмө бере баштады.
Шерзат Болаттын иши боюнча соттук отурумдар Казакстанда резонанс жаратып, кызуу талкуу менен коштолду.
Былтыр 4-октябрда Талгарда Шерзат Болат ата-энеси ижарага алып иштетип жаткан дүкөндүн жанында өлтүрүлгөн. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары өтүп жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес. Арасында мурда соттолгон, ар кандай кылмыштар, ээнбаштык үчүн жоопко тартылгандар, кылмыштуу топтун лидери атыккан киши бар экени кабарланган.
Баланын өлүмүнө байланыштуу бир нече, анын ичинде "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айрым жергиликтүү жетекчилер, прокурорлор кызматтан алынган. (AiA)