Украинанын түштүк чыгышындагы Запорожьенин тургундары дагы бир уйкусуз түндү өткөрүштү. Орус аскерлери шаарга кеминде 10 сокку урганы кабарланды.
Тургандардын бири "реактивдүү учакка окшогон бир нерсе учуп жүрдү. Балким ошол эле "Шахед" дрондорудур. Бирок бул ирет добушу башкача чыгып жатты" деп журналисттерге айтып берди.
-"Учак кулагандай добуш угулду. Аябай корктум. Кулаганда ракета түшкөндөй үрөй учурган бир добуш келди", - деди Людмила атуу аял.
Запорожьеге урулган соккудан кийин. Украина, 1-май 2025
Запорожьенин облустук администрациясынын башчысы Иван Федоров 29 киши, арасында 13 жаштагы өспүрүм жарадар болгонун, ондогон көп кабаттуу үй, университет жана инфраструктура жайлары зыян тартканын телеграм-каналына жазды. Губернатор кошумчалагандай, куткаруучулар уранды астынан үч кишини алып чыкса, 12 тургунга ооруканада жардам көрсөтүлдү.
“Украинанын темир жолдору” мамлекеттик компаниясы жүргүнчү ташыган поезддерди ремонттогон жарандык заводуна зыян тартканын билдирди. Маалыматка караганда заводдогу өрт өчүрүлүп, каза тапкан же жараат алгандар болгон жок. Губернатор Федоров залакадан улам ишкана токтоп калганын маалымдады.
Ал арада аннексияланган Крымда жарылуулар менен ок атышуу болгонун жергиликтүү телеграм каналдар жазууда. "Крымский ветер" катталуучуларына шилтеме менен Севастополдун жанындагы Кача жана Новофёдоровка аскердик аэродромдору жайгашкан райондордо бир нече жарылуу болгонун маалымдады.
Севастополдун Москва дайындаган жетекчиси Михаил Развожаев абадан коргонуу системасы жана деңиз флотунун аскерлери соккунун мизин кайтарганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын, Кара деңиз жана Азов деңизи үстүнөн украиналык 113 дрон жок кылынганын маалымдады.
1-майда оккупацияланган Херсон облусунун Орусия дайындаган бийлиги Украинанын куралдуу күчтөрү Алёшки шаарындагы базарга сокку урганда бери дегенде 7 киши каза таап, 20 чактысы жараланганы үчүн айыптаган.
Бирок бир катар агенттиктер жана телеграм каналдар видеолордон чабуулга украин армиясынын тиешесин, жабыркагандардын санын аныктоо мүмкүн эместигин белгилешет.
Аскердик аналитик Кирилл Михайлов “Агентство” телеграм каналына билдиргендей, базарга ал маалда орусиялык аскерлер барган болушу ыктымал, анда ал жер согуштук бута деп эсептелет.
Украина аннексияланган Крым жарым аралына жана Херсонго коюлган чабуулдарды комментарийлеген жок.
Согуш шартында тараптардын айткандарын көз карандысыз булактардан оперативдүү тактоо мүмкүн эмес.
"Украинанын, Орусиянын, Путиндин позициясын билебиз"
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюс Вашингтон согушту жөнгө салуу жараянына катышуу форматын өзгөртүп жатканын билдирди. Дипломаттын айтымында, эми тынчтык сүйлөшүүлөрүнө арачы түшүү үчүн америкалык өкүлдөр “дүйнөнүн булуң-бурчуна дароо” жөнөгөндү токтотот. Бирок тынчтык орнотуу аракеттери улана бермекчи.
Брюс согушкан тараптар урушка чекит коюу кадамдарын өздөрү иштеп чыгып, сунуш кылууга убакыт келди деп белгиледи.
Марко Рубио. Вашингтон, 1-май, 2025-жыл
Мунун алдында мамлекеттик катчы Марко Рубио Fox News телеканалына берген интервьюда тынчтык жараянында тез арада илгерилөөгө жетишилбесе, президент Дональд Трампка бул маселеге дагы канча убакыт көңүл буруу зарылдыгын чечүүгө туура келерин айткан:
"Украинанын, Орусиянын, Путиндин позицияларын билебиз деп ойлойм. Алардын ортосундагы ажырым дагы деле чоң. Кепке келүүгө бир аз жакындаганы менен али бири-биринен алыс".
Рубио мындан ары президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин милдетин аткарып турмакчы. Бейшембиде Майкл Уолтц жана орун басары отставкага кеткени кабарланган.
Март айында купуя чалгын маалыматтары камтылган чатка чочун киши кошулуп калганы ачыкка чыкканда кеңешчи ал окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Трамп ошондо аны кызматтан кетирбей, Уолтц андан "сабак алганын" айткан. Эми президент экс-кеңешчисин АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн кызматына көрсөттү.
Уолтц Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү учурунда отставкага кеткен алгачкы жогорку расмий адам болуп калды.