Орусияда автоунаа Кыргызстандын эки жаранын сүзүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 25-апрелде Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында Кыргызстандын эки жаранын (М.А. жана И.К.) 65 жаштагы айдоочу сүзүп кеткенин билдирди. Экөө тең 21 жашта.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы бөлүмү жана Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен окуянын жагдайларын тактап жатат.

“Орусияга окуя боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Жабыркагандардын туугандарына консулдук-укуктук кеңеш берилип жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ушул жылдын алгачкы үч айында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Орусиянын аймагында каза болгон 18 жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда президенттик шайлоо мындан ары январь айында өтөтТИМ: Түркияда кармалган мугалимди үй-бүлөсү менен сүйлөштүрүү аракети болуп жататИспания менен Португалиянын көпчүлүк аймагы электр жарыксыз калдыТегеран Нетаньяхуну Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөрүн бузууну көздөп жатат деп айыптадыГүлнара Каримованын чет жактан кайтарылган активдеринин бир бөлүгү мугалимдерге сарпталат