Бишкекте кыз зордуктаган деген шек менен беш адам – 25 жаштагы үч жана 24 жаштагы эки адам кармалганын милиция билдирди.
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматына ылайык, жабыркаганын билдирген кыз 28-февралга караган түнү борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалган беш адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Свердлов райондук милициясы социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган видеодо беш киши кызды белгисиз жакка көтөрүп баратканын көрүүгө болот.
Февраль айында Бишкекте кызды зордуктап, өлтүргөн деген айып менен үч киши кармалган. (BTo)
Дагы караңыз
Султанбай Айжигитовду "Ыйман нуру" фракциясынан чыгаруу маселеси каралатАбхаз, армян номурлуу унаа ээлери нааразылык акциясына чыгыштыУКМК сегиз автоунаа, кымбат турак жайлар конфискация болгонун билдирдиСадыр Жапаров судьяларды тандоо системасын жакшыртуу керектигин айттыМамлекеттик “Кыргызлото” компаниясынын жетекчиси пара алууга шек саналып кармалдыКара-Көл шаарында 16 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйганы кабарландыТрамп Зеленский тынчтык сүйлөшүүсүнө жана кен байлыктар келишимине даярдыгын билдиргенин айтты