Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

Трамп: Индия менен Пакистан аскердик тирешти тез арада токтотууну макулдашты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Индия менен Пакистан аскердик тирешти токтоосуз, толук токтотууну макулдашканын 10-майда кечке жуук билдирди.

«Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен болгон түндөгү узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Индия менен Пакистан атышууну токтоосуз жана тез арада токтотууну макулдашканын кубануу менен жарыялайм», — деп жазды Трамп өзүнүн TruthSocial баракчасына.

АКШ президенти макулдашуунун чоо-жайын тактаган жок. Ал эки мамлекетти тең жүйөлүү кадамы үчүн куттуктады.

Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мындан мурда эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү менен байланышып, сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууну сунуштаганы кабарланган.

Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар тараптар аскердик тирешти чукул токтотууну макулдашканын ырастады.

«Пакистан дайыма өзүнүн эгемендигин жана бүтүндүгүн коргоо менен аймактагы тынчтык менен коопсуздукка умтулуп келген», — деди ал.

Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мисри: «Тараптар жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн тартып жерде да, абада да бардык атышууларды, аскердик аракеттерди токтотот», - деп билдирди.

Мисринин айтымында, Пакистандын аскердик операцияларынын кол башчысы 10-майда күндүз индиялык кызматташына телефон чалып, тараптар жерде, абада жана деңиздеги атышууларды токтотууну, 12-майда жолугушууну макулдашкан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио Индия менен Пакистандын премьер-министрлери Нарендра Моди жана Шахбаз Шарифке "тынчтык үчүн жол таап, кеменгерлигин көрсөткөнү үчүн" ыраазылык билдирди.

Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн тиреши 7-майдан бери курчуп турган. 10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы ири аскердик операция башталганын жарыялаган.

Эки коңшунун соңку тиреши быйыл апрелде Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү кол салуудан кийин чыңалып турган. 26 киши өлгөн окуядан кийин Индия Пакистанды туристтерге кол салган согушкерлерди колдойт деп айыптаган.

Пакистан муну четке каккан. Эки жумадан кийин, 7-майга оогон түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, "Синдур" деп аталган кампаниясынын алкагында тогуз жайды бутага алганын жарыялады.

Пакистан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады жана Индияга жооп кайтарууну убада кылган.

Кийинчерээк Дели Пакистандын армиясы Кашмирде Индия тарапты аткылаганын, анын натыйжасында жети киши өлүп, 30у жараат алганын маалымдады.

Акыркы конфликт башталгандан бери эки тарапта каза болгондор 50гө чукулдады. Коопсуздукка байланыштуу 200дөн ашуун аба каттамдары жана 18 аэропорт ишин убактылуу токтотуп, эл аралык рейстер жылды. (NT)

Шерине

XS
SM
MD
LG