Өзбекстандын тышкы иштер министринин (ТИМ) орун басары Борбур Усманов 2-майда Орусиянын өлкөдөгү элчиси Олег Мальгинов менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин сайтында кабарланды.
Сүйлөшүүдө өзбек тарап Орусияда эмгектенип жүргөн өзбекстандыктардын укугунун бузулушу жана катаал мамилеге дуушар болуп жатышына көңүл бурган. Министрдин орун басары мигранттардын укугу сакталышы керек экенин белгилеп, бул маселени Орусиянын тийиштүү органдарына жеткирүүсүн өтүндү.
25-апрелде Москвадагы кафелердин биринде полициянын атайын даярдыктагы СОБР кызматкерлери рейд өткөрүп, күч колдонгон видео тараган.
Ал видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” редакциясына окурман жиберген. Анын айтымында, мигранттар иштеген бул кафеде акыркы бир айда үч жолу рейд болду. Видеодо куралчан, беткап кийген күч кызматкерлери кафеге бастырып кирип, кардарларды жерге жаткырып, одоно мамиле жасаганын көрүүгө болот. Бул кафеде өзбек жарандары иштери айтылган.
Ага чейин социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабаган видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот. (TSh)
Шерине